Ирактын премьер-министри болуп былтыр май айында шайланган Нури ал-Малики Иранга биринчи жолу былтыр сентябрда келип кеткен. Эки өлкө мусулмандары негизинен шийи болгондуктан, мурдагы президент Саддам Хусейн бийликтен кулатылып, Ирактагы жетекчиликке шийилер келгенден кийин Багдад менен Тегеран ортосундагы мамилелер, мурдагыга караганда, бир кыйла жакшырганы түшүнүктүү.
Саддамдын учурунда Малики өлкөдөн качууга аргасыз болгон жана 1980-жылдарда бир нече жыл Иранда сүргүндө жашаган. 1980-жылдан 1988-жылга чейин Ирак менен Иран согушкан жана Маликинин азыр Тегеранга келген күнү, 8-августта, ал согуштун токтогонуна 19 жыл толду.
Мындан үч күн мурда болсо Ирак, Иран жана АКШ ортосунда түзүлгөн үч тараптуу атайын комиссиянын биринчи жыйыны болуп өткөн жана анда - Ирактагы абалды калыбына келтирүү менен кошо региондогу жалпы коопсуздукту камсыз кылуу маселелери талкууланды.
Ал комиссия - АКШ менен Ирандын Ирактагы элчилери май менен июлда Багдад шаарында эки жолугушуу өткөргөндөн кийин түзүлгөн. 1979-жылдан бери Тегеран менен дипломатиялык мамилеси жок Вашингтон азыр - Ирактагы диний аралык кагылышууларды токтотуу максатында Иран менен түз сүйлөшүү өткөрүүнү чечти.
Аны менен катар АКШ Тегеранды - ал кошуна Ирактагы согушкерлерге жардам көрсөтүүдө деп күнөөлөп келет жана жалпы региондогу Ирандын таасирин азайтуу багытында кеңири аракеттерди көрүүдө. Айрым эксперттердин пикиринде, келерки он жыл ичинде Израил, Мисир, Сауд Арабия жана бир нече башка араб мамлекетине Вашингтон 63 миллиард долларга алдыңкы үлгүдөгү курал сатууну пландап жатканы - Ирандын таасирин төмөндөтүүгө багытталган.
Иран сыналгысы билдиргенге караганда, Маликинин сапары үч күнгө уланат жана визит учурунда ал Ирандын руханий жетекчиси аятолла Сейед Али Хаменеи, президент Махмуд Ахмадинежад, Иран сотунун жетекчиси Махмуд Хашеми-Шахруди, парламент спикери Голам-Али Хаддад-Адел, Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңештин катчысы Али Ларижани, тышкы иштер министри Манучер Моттаки жана башка жетекчилер менен жолугат. Маликини - Ирактын тышкы иштер министри Хошиар Зибари, ички иштер министри Жавад ал-Булани жана башка министрлер коштоп келди.
Тегеранга келээр алдында Малики бир күн Анкарада болду жана түрк жетекчилери менен негизинен коопсуздук маселелерин талкуулады: "Түркия тарап менен биз - Ирактын аймагында аракеттенген террордук уюмдар менен кантип күрөшүү жөнүндө сүйлөшүп-макулдаштык, алардын катарына Күрд жумушчу партиясы да кирет. Ал партиянын Ирак аймагындагы кеңселерин кантип жаап, жок кылуу жөнүндө дагы сөз болду", - деп билдирди Малики 7-августта Анкара шаарында.
Анткен менен көптөн бери даярдалып келген терроризм боюнча эки тараптуу келишимге Анкарада кол коюлган жок жана тараптар - террорчулук боюнча атайын протоколго гана кол койду, жалпы келишим үстүндө болсо дагы иштөө керек деп макулдашылды.