Өлкө башчылардын жолугушуусу 28-августта башталып, эки күнгө созулат. Буга чейин 7 жыл мурда Түндүк Кореянын президенти Ким Чен Ир менен Түштүк Кореянын мурдагы өлкө башчысы Ким Тэ Чжундун алгачкы жолугушуусу болгон. 2000-жылы эки өлкө үчүн башкы саясий окуяга айланган ал жолугушуу эки өлкөнүн мамилесиндеги муздун акырындап эрий башташына алып келген.
Бирок кийинчерээк Түндүк Кореянын өзөктүк программасынын айынан ал мамилелер кайрадан муздай баштаган. Ал эм ушул жылдын февраль айында өткөн АКШ, эки Корея, Жапония, Кытай жана Орусиянын өкүлдөрү катышкан алты тараптуу сүйлөшүүдө Түндүк Корея Йоңбендеги өзөктүк реакторун токтотууга макул болгон. Ал үчүн дүйнө мамлекеттери Түндүк Кореянын электр станцияларына бир миллион тонна кара май берүүнү убада кылып, анын биринчи бөлүгү - 50 миң тонна жакында эле өлкөгө жеткирилди.
Түштүк Кореянын өлкө башчысынын улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы Баек Жонг-Чун 8-августта Сеулда өткөн маалымат жыйынында жолугушуу тууралуу буларды айтты:
- Биздин өкмөт алты тараптуу сүйлөшүүлөр ишке ашып, ийгиликтүү жыйынтыкталышына, Түштүк жана Түндүк Кореянын мамилесинин жакшырышына болгон аракет жасаган. Алдыда боло турган бийик деңгээлдеги жолугушуу ошол аракеттердин дагы бир жыйынтыгы.
Алдыда боло турган жолугушууга дүйнөлүк коомчулук оң баа берди. АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү Джоан Моор сүйлөшүүлөр эки өлкө ортосундагы мамилелердин жакшырышына алып келет деген үмүтүн билдирди. Ал эми Жапон өкмөтүнүн мамлекеттик катчысы Ясухиза Сиодзаки буларга токтолду:
- Биз бийик деңгээлдеги жолугушуу эки өлкө ортосундагы мамилелерди алдыга жылдырууга гана салымын кошпостон, дүйнөлүк коомчулук менен бирге Түндүк-Чыгыш Азияда стабилдүүлүктү орнотууга жардам берет деп ишенебиз.
Дегени менен алдыда күтүлүп жаткан жолугушууга башка, сын көз карашта болгондор да жок эмес. Эл аралык мамилелер боюнча адис Хизакизо Охадзаки буларды айтат:
- Эки өлкө башчыларынын жолугушуусу Түштүк Кореяда жакында боло турган президенттик шайлоонун алдында өткөнү турат. Андыктан бул жолугушуу Түштүк Кореяга саясий упай топтоо үчүн гана зарыл.