Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:53

КЫРГЫЗ-КЫТАЙ МАМИЛЕСИНДЕГИ ЖАҢЫ КАДАМДАР КАНДАЙ БОЛОТ?


Кытайдын төрагасы Ху Цзиньтао Шанхай Кызматташтык уюмунун Бишкек саммити алдында Кыргызстанга расмий иш сапары менен келет. Ушундан улам азыр Кыргызстан коңшу дөө-шаа мамлекет менен мындан аркы мамилесинде кайсы багыттарга көңүл буруп, кызматташтыктын кайсы өңүтүн жандандыруу керек деген маселе коомдо курч талкууланууда.

Кытайдын төрагасы Ху Цзиньтао Кыргызстанга 14-августта келип, иш сапары эки күнгө созулат. Президенттин басма сөз кызматынын башчысы Досалы Эсеналиевдин маалыматы боюнча, визиттин башкы максаты кызматташтыкты чыңдоо:

- Кыргыз-Кытай мамилелери президент Курманбек Бакиевдин былтыр Кытайга жасаган расмий визитинен кийин абдан жогорку деңгээлге көтөрүлгөн. Кытай Эл республикасынын төрагасы Ху Цзиньтаонун мамлекеттик иш сапарынын убагында жогорку деңгээлде турган мына ошол мамилени дагы бекемдөө багытында саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык тармактар боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, бир нече келишимдерге кол коюлушу күтүлүүдө.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсү боюнча кол коюуга даярдалган өкмөттөр жана парламенттер аралык келишимдер экономика, билим берүү, айыл чарба, банк жана экология тармактарын камтыйт. Алардын ичинен эки мамлекет башчысы кол кое турган “Коңшу эки өлкөнүн достук-кызматташтык мамилелерин мындан ары тереңдетүү” жөнүндөгү биргелешкен Декларация башкы документ болмокчу.

Кыргызстандын мурдагы Тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловдун баамында, Ху Цзиньтаонун иш сапары коңшу эки мамлекеттин ортосундагы ар тараптуу кызматташууну чынында эле жаңы деңгээлге көтөрө турган өтө маанилүү жолугушуу. Ошондуктан, кыргыз бийлиги Кытай менен алакасында олуттуу эки маселеге өтө катуу көңүл бурушу зарыл деген ойдо:

- Биздин жетекчилер өзгөчө эки маселеге көңүл бурушу зарыл. Анын биринчиси, экономикалык-инвестициялык саясат. Бул жаатта эки мамлекеттин ортосундагы конкреттүү кызматташууну бекемдөө, экинчиси-коопсуздук маселеси.

Аликбек Жекшенкуловдун баамында, Кыргызстан менен Кытайдын орто жана чакан ишкер чөйрө өкүлдөрү мамлекеттик деңгээлдеги камкордук менен колдоого муктаж. Ал эми коопсуздукту бекемдөө боюнча кызматташууну күчөтүүгө Ооганстандан башталган баңги жолу жана терроризмдин болуу коркунучу түрткү берет. Андан тышкары Кыргызстанда иштеген кытайлык ишкерлерди кылмыш дүйнө өкүлдөрүнөн коргоо зарылдыгы күчтүү:

- Кылмыштуулук маселеси боюнча тыгыз байланышта болуп, маалымат алмашуу менен коопсуздукту бекемдөө керек деген ойдомун.

Анткен менен ушул тапта жалпы коомчулук арасында Кытай Кыргызстанды экономикалык экспанция алкагына алып баратат деген кооптонуу күч. Айрым саясат талдоочулардын баамында, буга кытайлык ишкерлердин Кыргызстанда соода-сатык кылып, жеке ишканаларын ачып, өлкөнүн бардык аймагында ишкердүүлүгүн күчтөндүрүп жатканы башкы себеп. Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Турусбек Мамашов болсо кытайлык ишкерлердин андай аракетинен кооптонууга негиз жок, тескерисинче дүйнөлүк рынокто иштөө жолдорун кытайлык ишкерлерден үйрөнүү мезгили эбак бышып жеткен деген пикирде:

- Кыжаалат боло турган кажет жок. Себеби, Кытайдын капиталы, банктары Америкада, Европада, Жапонияда да бар. Алар рынок экономикасынын шартында иштөөнүн жолун абдан жакшы өздөштүрүшкөн. Муну эскпанция деп айтканга кошула албаймын. Эң негизгиси биз өзүбүздүн ички кызыкчылыктарды сактай турган мыйзамдарыбыз болсо жана өзүбүздү өзүбүз сыйлай ала турган эл болсок, мамлекетке эч кандай коркунуч жок.

XS
SM
MD
LG