Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:39

ГРУЗИЯ МЕНЕН ОРУСИЯ ОРТОСУНДА ЖАҢЫ ЧАТАК ЧЫКТЫ


Нарын АЙЫП, Прага 6-августта кечинде Грузиянын аймагына ракета тийгендиктен, Тбилиси Маскөөнү күнөөлөп, Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинин атайын жыйынын өткөрүүнү талап кылууда. Маскөөнүн айтымында болсо, провокацияны Грузия жетекчилери өздөрү уюштурган болушу мүмкүн.

Грузия эксперттеринин айтымында, "Радуга Х-58" деген ракета Тбилиси шаарынан 60 чакырым алыстыктагы айыл жергесине түшкөн, ал Орусияда өндүрүлгөн жана ракетада 140 килограмм тротил болгон, бирок ал дүрмөт жарылган эмес. Грузиялык радарларга жазылып калган маалыматтарга караганда, ракета - "Су-24" деген учактан түшкөн, ал Грузиянын аба мейкиндигине Орусия тараптан кирген, андай учактарды Грузиянын аскерий күчтөрү пайдаланбайт.

Орусия тараптын айтымында, ракета - "Су-25" деген учактан түшкөн болушу мүмкүн, андай учактар болсо Грузиянын өзүндө дагы бар, ошондуктан бул окуя - Грузия жетекчилиги өзү уюштурган провокация болушу мүмкүн.

Ракетанын калдыктарын грузиялык адистер 7-августта изилдеп чыкты жана чет өлкөлүк эксперттерди дагы чакырат:

- Биз эл аралык адистер кирген атайын эксперттер тобун түздүк жана бардык мамлекеттерди - өз өкүлдөрүн жиберип, иликтөөгө кошулууга чакырабыз, алар аскерий эксперттер же башка адистер болушу мүмкүн. Биз чогулткан далилдерди изилдөөгө катышып, алар тийиштүү анализ өткөрүп берсин,- деп билдирди Грузиянын тышкы иштер министри Гела Бежуашвили 8-августта.

Тбилиси Бириккен Улуттарга да кайрылып, Коопсуздук Кеңешинин атайын жыйынын өткөрүүнү талап кылды, анткени Орусия тараптан мурда да мындай аракеттер көрүлгөн.

АКШ Мамлектетик катчылыгынын өкүлү Шон Маккормак дагы 8-августта ушул маселеге токтолду:

- Орус өкмөтү мурда Грузиянын аба мейкиндигин бузган мисалдар болгон жана анда дагы же бомбалар ташталып, же Грузиянын аймагына ракеталар атылган. Биз ал маселелер жөнүндө сүйлөшкөнбүз, Грузия тарап менен дагы ал учурлар талкууланган,- деди Маккормак.

Акыркы андай окуя үстүбүздөгү жылдын март айында болгон - Грузиянын курамындагы Абхазия жумуриятындагы грузиндер жашаган айылдарга бир нече ракета атылган. Америкалык "Нью-Йорк таймс" гезити 9-августта жазганга караганда, ал ракеталар - орусиялык аскерий базадан учуп чыккан тик учмалардан атылган сыяктуу, Бириккен Улуттардын адистери июлда ал тууралуу атайын отчет жарыялады жана анда - орус тарап тергөө иштерине толук катышпай койду деп Маскөөгө сын айтылат.

"Вашингтон пост" гезити 9-августта жазганга караганда, азыркы окуя боюнча Грузия тарап чогулткан далилдер бир топ орчундуу болуп көрүнөт, орус тараптын турумун колдогон далилдер болсо жок, ошондуктан АКШ менен Европа маселенин Коопсуздук Кеңешинде каралышына көмөктөшүүгө тийиш.

Британиялык "Гардиан" гезити ошол эле 9-августта билдиргенге караганда, орусиялык учактар - Грузиянын курамындагы Түштүк Осетиянын үстүндө учуп баратканда, осетиялыктар аны грузиялык учактар деп ойлоп, жерден аткан сыяктуу жана ал учактардын бири кокусунан бир ракетаны түшүрүп жибергендей.

Карнеги фондунун Маскөөдөгү борборунун эксперти Алексей Малашенконун пикиринде, Кавказда жайгашкан Орусиянын аскерий күчтөрү Маскөөдөн уруксат албастан, Грузиянын аймагына ракета атуу чечимин өздөрү да кабыл алышы да мүмкүн.

Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн аскерий ордосунун башчысы генерал Юрий Балуевский 9-августта билдиргенге караганда, орус аскерлеринин бул окуяга эч тийешеси жок жана Грузия өзү - Түштүк Осетия сыяктуу жумурияттарды өз курамында сактап калуу максатында провокация уюштуруп жатат.

XS
SM
MD
LG