Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:51

ЖОРЖ БУШ ИРАНДЫ СЫНГА АЛДЫ


Иран өкмөтү Ирактагы жаатташып согушкан тараптарды курал жабык менен камсыздоону токтотпосо, кедергиси өзүнө тийиши мүмкүн. Мындай мазмундагы эскертүүнү АКШ президенти Буш бейшемби күнү жасады. Ал Ирак парламенти АКШ өкмөтү жана Конгресс койгон талаптарды аткарбай жатканын белгиледи. Анын себебин “ондогон жылдар диктатордук бийлик астында болгон өлкө демократияны эми гана үйрөнө баштаганы” менен түшүндүрдү.

Президент Жорж Буш акыркы төрт күндө АКШга ынак өлкөлөрдүн лидерлери айткан сөздөр боюнча кабарчыларга эки жолу түшүндүрмө берүүгө мажбур болду.

9-июнда Акүйдө өткөн маалымат жыйында Тегеранда жүргөн премьер-министр Маликиде Ирандын жардамы менен Иракта тынчтыкка жетишем деген үмүттө экенин бир кабарчы Буштун эсине салды. Малики Ирандын президенти Ахмединежадга коңшу ирети “позитивдүү жана конструктивдүү өңүттү карманганы” үчүн алкыш айтканын да кабарчы эскерте кетти. Жорж Буш лидерлердин кездешүүсү демейде ачык-айкын маанайда өтөөрүн белгилеп, Малики чындап эле Иран конструктивдүү саясат жүргүзөт деп ишенсе, “досу менен бул маселе боюнча сүйлөшүп көрөм” деди:

- Ирандын конструктивдүү экенин күбөлөгөн белги болсо, мен өз досум, Ирактын өкмөт башчысы менен чын дилден сүйлөшүп көрүшүм керек. Анткени, алардын конструктивдүү экенине ишенбейм. Малики да аларды чындап эле конструктивдүү деп санабайт деп ойлойм. Балким азыр ал жалган эле позитивдүү сүйлөп, аларды конструктивдүү кылууга аракеттенип жаткандыр.

Буш андан ары Малики ал сыңары эле Ахмединежадды Иракка каруу жарак жөнөтүүнү токтотууга чакырат, ага барбаса Иранга “анын кусуру тиет” деп кошумчалады. Президент Буш 6-августта да Иран жөнүндө Ооган президенти Карзайдын Си-Эн-Эн телеканалына айткан жылуу сөзүнө коомчулук алдында түшүндүрмө берген эле. Хамид Карзай интервьюда Иранды тынчтыкты сүйгөн, маң аткезчилигине каршы күрөштө “жардамын аябаган” коңшу өлкө деп атаган. Буш журналисттерге Карзайдын мындай билдирүүсүнө ал “этият мамиле” кылаарын айткан.

АКШ лидери 9-августагы маалымат жыйынында америкалыктарды Маликинин өкмөтүнө сабырдуулук менен мамиле кылууга үндөп, Ирак парламентарийлери өнүгүүнүн АКШ койгон чегин багындыра албай жатканын мойнуна алды. Анын себебине токтолуп:

- Ирактын жетекчилигине чогуу иштешүү кыйын. Себеби, зулумчулук башкаруу жылдарынан калган өз ара ишенбөөчүлүк дале күчтүү, аларга өз ара шек саноочулуктан бошонуу керек. Биз, менимче, жетекчиликтин кантип жетекчи болууга үйрөнүп жатканын көрүүдөбүз. Адамдар үчүн бул- демократиялуу лидер болуунун жаңы жараяны.

XS
SM
MD
LG