Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:09

ШКУ САММИТИН УТУРЛАЙ КООПСУЗДУК ЧАРАЛАРЫ КҮЧӨТҮЛҮҮДӨ


Бишкекте 16-августта өтчү Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине даярдык күч. Анын алдында коопсуздук чаралары да күчөтүлүп, эмки дүйшөмбүдөн тарта милиция күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтүүдө. Ошондой эле борбор калаага кирүүгө чектөөлөр коюлуп, шаардын борбордук көчөлөрү маал-маалы менен жабылып турмакчы. Бүгүн да Бишкекте саамитке карата ички иштер министрлигинин негизги машыгуусу өтүп, ал учурда шаардын борбордук көчөлөрү жабылып турду. Жолдордун минтип жабылып калышы шаар тургундарын кыжаалат кылууда.

Ички иштер министри Болотбек Ногойбаев бүгүн саммит учурунда коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыздоо иштерине даярдыктар тууралуу журналисттерге маалымат берди. Министрдин айтымында, бүгүн саммиттин конокторун аба майданынан тосуп алып, аларды жыйын өтчү мамлекеттик резиденцияга чейин узатып келүү боюнча негизги машыгуу өттү. Эмки жуманын башынан тарта Бишкекте милиция күнү-түнү күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтөт:

- Саммит учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого беш миңден ашуун адам тартылат. Шаарда кайгуул күзөтүнө чыккандардын саны 6-10 эсеге чейин көбөйөт. Биз өкмөттүк кортеж өтчү борбордук көчөлөрдү эле эмес саммит алкагындагы иш чаралар өтчү жайлар менен мейманканаларды да көзөмөлгө алабыз.

Министрдин айтымында, бул күндөрү ошондой эле шаарда паспорттук режим, жарандардын өздүгүн текшерүү да күчөтүлмөкчү:

- Бүгүн-эртеңден баштап шаар тургундары жана келген коноктор көчөгө чыкканда өздүгүн аныктоочу документтерин кошо ала жүрүүсүн суранып кайрылып атабыз. Элге ашыкча түйшүк болбосу үчүн ошол күндөргө гана суранып атабыз. Паспорттук режим буга чейин эле жүрүп жаткан, эми бул иштер да күчөтүлөт.

Бүгүн да Бишкекте саммитке карата ички иштер министрлигинин негизги машыгуусу өтүп, ал учурда шаардын борбордук көчөлөрү жабылып турду. Министр бул машыгуу ийгиликтүү өткөнүн белгиледи. Бирок жолдордун минтип жабылып калышына шаар тургундарынын арасында кыжаалаттык, нааразылыктар да жок эмес.

Бишкектин тургуну, дарыгер Кадырбек Жекшеналиев мындай даярдыктар, машыгуулар элдин иштешине, жашоо-турмушуна тоскоол болбошу зарылдыгын белгилейт:

- Бул - адам укугун тебелегендик. Эсимде, биз жаш кезде, Советтер Союзунун тушунда, 1974-жылы да Косыгин келгенде да шаар боюнча транспорт жүрбөй жөө калганбыз. Азыр да ошондой болуп атат. Мына эгемендик алгандан бери деле канча-канча абройлуу коноктор келди, бирок мындай болгон эмес эле. Эми күндө келеби, айда келеби, даярдана берсин, бирок элдин иштешине, жашоо-турмушуна жолтоо болбош керек да.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети буга чейин саммиттин коопсуздугун камсыздоодо негизги басым ыктымал террордук акциялардын жана башка мыйзамсыз түзүлүштөрдүн алдын алууга коюлуп жатканы, Бишкек саммитине эл аралык коомчулук гана эмес, айрым террордук уюмдардын да кызыгуусу жогору экени тууралуу маалымат тараткан эле. Болотбек Ногойбаев бул багытта ички иштер министрлиги да тиешелүү иштерди жүргүзүп жатканына токтолду:

- Ыктымал террордук аракеттердин алдын алуу үчүн, аларды болтурбоо үчүн колдон келген аракеттерди жасап жатабыз. Мындай аракет башка кызматтар тарабынан да жасалууда.

Министр ошондой эле учурда өлкө аймагында диний экстремисттердин активдешүүсү байкалбаганын белгиледи.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG