Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:49

13:10 Эркин Бөлөкбаевди камакка алуу боюнча сот болуп жатат


“Жашылдар” партиясынын төрагасы Эркин Бөлөкбаевдин Бишкек шаарындагы Свердлов РИИБнүн кызматкерлери тарабынан камакка алынышы боюнча Свердлов райондук соту карап, күбөлөрдүн сөзүн укту. Сотто жүргөн кабарчыбыздын билдиргени боюнча Эркин Бөлөкбаевдин өзүнө коюлуп жаткан айып иш менен толук тааныш болбогондугуна байланыштуу сот кыска тыныгуу жарыялады.
Свердлов РИИБнүн жанында "Бөлөкбаевге эркиндик", "Мыйзамсыздыкка жол жок!" деген жазуулары бар плакаттарды кармаган жыйырмадан ашуун адам пикетте турушат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG