Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:34

КАБУЛДА УРУУ БАШЧЫЛАРЫНЫН ЖЫЙЫНЫ УЛАНУУДА


Айгүл Жунушалиева, Прага “Тынчтык жиргасы” деген аталыштагы жыйын 9-августта Кабулда башталып, ага эки тараптан жети жүзгө жакын адам чогулду. Алгач жыйынга келүү дилгирлигин билдирген Пакистан президенти Первез Мушарраф иш чарага келген жок. Бирок эми, Мушарраф жыйынга келүүгө макулдук бергени маалым болду.

Эки өлкөнүнүн уруу башчылары жыйында терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү жолдорун талкуулоодо. Жума күнү бул иш-чара тууралуу Ооган президенти Хамид Карзай буларды айткан эле:

- Жирга ийгиликтүү өтөөрүнө мен кам санаган жокмун. Ооганстан калкы менен коңшу Пакистандын эли бул жыйынга чоң үмүт артып жатышат.

Бирок Кабулда дагы, Пакистанда да жыйынга сын көз карашын билдиргендер жок эмес. Мисалы ооган профессору Ахмад Ша Фархат жыйында олуттуу чечим кабыл алынышына ишеним артпай турганын айтат:

- Биринчиден «Тынчтык жиргасы» баш мыйзамда каралган эмес. Экинчиден жыйынга катышып жаткан эки тараптын өкүлдөрүн өкмөт тандаган. Мунун өзү жыйындын тегерегинде бир канча суроолорду жаратат. Үчүнчүдөн жиргага керек болсо Мушарраф өзү келбей койгондон кийин, терроризмге каршы күрөштүн ийгилиги тууралуу сөз кылууга болобу?

Ал эми жыйындын жүрүшү тууралуу иш чараны чагылдырып жаткан Азаттыктын ооган кызматынын кабарчысы Брешна Назари буларды маалымдайт:

- «Тынчтык жиргасынын» үчүнчү күнкү жыйыны жергиликтүү убакыт боюнча саат танкы 9 да башталды. Бирок бүгүнкү отурум кечээгиден айрымаланат. Ушул тапта эки тараптын уруу башчылары жабык эшик артында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Негизи катышуучулар эки өлкөнүн чек ара аймактарында согушкерлердин аракеттерин алдын алуу, мамлекеттер ортосундагы байланышты жакшыртуу жана согушкерлер үчүн каржы булагы болгон банги заттарга каршы күрөшүүнү талкуулоодо. Ал эми жиргага ооган президенти Мушаррафтын келээри тууралуу ооган өкмөтү расмий түрдө билдирүү жасаган жок.

XS
SM
MD
LG