Кыргызстандагы белгилүү коомдук ишмер Эдил Байсаловдун баамында, Кыргызстандагы казактардын “Алаш” аттуу республикалык бирикмесинин төрагасы Эркин Бөлөкбаевдин Шанхай Кызматташтык уюмунун саммити алдында абакка салынышы, Кыргызстандын эл аралык аброй-беделин түшүрө турган окуя болду:
- ШКУнун жыйыны алдында саясий эч кандай кризис болбосун, баарыбыз биригип саясатты таштап, конокторду жакшылап узатып алалы деген ой болуп жаткан эле. Саммиттин алдында кайсы бир тараптар же үчүнчү күчпү, кыскасы бийликтин ички душмандары ушундай козутуу иштерин жасап жатат деп гана түшүнөм.
Эдил Байсаловдун билдирүүсү боюнча, мындай окуянын болушуна милиция кызматкерлеринин өз милдет чегинен аша чапкан аракети түрткү болду:
- Мен сот процессинин башынан аягына чейин катышып, айыптоочу тарап болгон милиция койгон күнөөлөрдү, Бөлөкбаевдин жана башка күбөлөрдүн сөздөрүнүн баарын уктум. Эч кандай негиз жок. Бул мыйзамга да, акылга да сыйбайт. Бул менин оюмча, кайра баягы “Бөрк ал десе баш алган” милициянын авторитардык, полициялык мамлекетке айлантуучу аракети катары эсептейм.
Экс-депутат Эркин Бөлөкбаев менен Свердлов райондук ички иштер бөлүм кызматкерлеринин ортосундагы чатак 10-августта “Ысыккөл” инвестбанкынын жаңы жетекчилерибиз деген адамдар менен милиционерлердин банктын имаратына кирген учурун видеотасмага тартып жаткан кезде чыккан. Банк кызматкерлеринин “жаңы жетекчилербиз деген топ банкты күч менен тартып алып жатат” деп каршылык көрсөткөндөрүн жана Биринчи Май райондук соттун аткаруучусу Каныбек Кедейбаевдин:
- Биз мыйзамсыз эч нерсе кылган жокпуз, баары мыйзам чегинде болуп жатат. ,- деген билдирүүлөрүнүн баарын Бөлөкбаевдин тасмага тартканы милиция өкүлдөрүнө жакпай, камерасын тартып алышкан. Жеке видеотасмага тартуу мыйзам бузууга кирбейт деп, камерасын бергиси келбеген Бөлөкбаевди милиция кызматкерлери коомдук тартипти бузуп, милиционерлердин абийирине шек келтирген сөздөрдү айтты жана талапка баш ийбей койду деган айып менен камакка алып, сотко арыз жолдошкон. Сот арыздануучулардын талабы жүйөөлүү деп, Бөлөкбаевдин камакта отуруусун туура тапкан.
“Жашылдар” партиясынын төрагасынын орун басары Анара Султангазиева болсо, милициянын камакка алуусун бийликтин айрым өкүлдөрү кубаттап, оппозициянын “Бириккен фронт” кыймылынын ишине активдүү катышып жүргөн Бөлөкбаевди ШКУнун саммити аяктаганча камакка алууга кызыккандар бар деп билдирди:
- Административдик жаза берип, ШКУнун саммити бүткүчө 10-15 күнгө камап койгула деген ой бар.
Ал эми юридикалык компаниянын өкүлү, адвокат Нурлан Садыков Кыргызстанда сот системасы мыйзамдардын алкагында чечим чыгарбастан мамлекеттик башкарууга кийлигише баштады деп билдирди. Анын баамында, буга “Ысыккөл” инвестбанкынын директорлор кеңешинин жаңы мүчөлөрүнүн арызын бир күндө карап, жыйынтыгында коммерциялык банктын ишине Улуттук банк кийлигишпесин деген чечим чыгарган Биринчи Май райондук соттун чечими күбө:
- Биздин сот системасында чатак иштер болуп, соттор башкарууга кийлигишип жатат. Ошол соттун чечими боюнча Улуттук банктын тиешеси болбойт жана эч кандай тоскоолдук кыла албайт. Азыр банк банкрот болуп, депозитке акча салган аманатчылардын акчасы жоголуп кетсе ким жоопкер болот? Судьялар муну ойлогон жокпу? Мүмкүн кылмыштуу топтор сотко ушундай сунуштар менен кайрылса келечеги кандай болот?
“Ысыккөл” инвестбанкынын мурдагы төрагасы Болот Байкожоев болсо бул иштердин артында кызыкдар күчтүү бир топ бар деген бекем ишенимде. Анын айтуусу боюнча, буга “жаңы акционерлер бирөөнүн атынан кирген адамдар” деп, аларды тизмеден чыгаруу талабы менен берген арызын соттун бир айдан бери карабай жаткандыгы далил:
- Биз алар акционерлер эмес, туура эмес чечим чыгардыңар деп сотко берсек биздин арызды бир айдан бери сот карабай турат. Алардыкын болсо карап жатат.
Ал эми Эркин Бөлөкбаевдин адвокаты 13-августта Бишкек шаардык сотко арыз жолдоп, райондук соттун чечимин жокко чыгарууну жана тартип коргоо орган өкүлдөрүнүн өздөрү адам укугун бузууга баргандыгын далилдөөгө аракет көрө баштады.