Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:47

З.КУРМАНОВ: ШКУ БАТЫШКА КАРШЫ БАГЫТТАЛГАНЫН БАЙКАСА БОЛОТ

Ушул жуманын бейшемби күнү Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун саммити өтөт. Ага аталган уюмга мүчө мамлекеттердин эле эмес уюмдун ишине байкоо жүргүзүп жаткан айрым башка өлкөлөрдүн мамлекет башчылары келишет. Бул жааттагы «Азаттыктын» таңкы түз эфириндеги суроолоруна тарых илимдеринин доктору, профессор жана саясат таануучу Зайнидин Курманов жооп берди.

- Саммитти утурлай Кытайда шанхай уюмуна мүчө мамлекеттердин аскердик машыгуулары өтүп жатат. Аларды эл аралык гезит-журналдар мисалы, Британиялык “Гарден” “Антибуштук альянс” деп атаса, “Вашингтон таймс” “АКШга каршы багытталган машыгуулар” деп жазды. Шанхай уюму НАТОго атаандаштыкты түзө турган блокко айланып бара жатат деген да кооптонуулар жазылып жатат. Бул өңдүү коркунучтарга негиз барбы?

- Уюмдун курамын карап көрсөк бардыгы демократиясыз же демократия жолуна түшкөн мамлекеттер кирет экен. Ошондой курам, ошондой ойлорду туудурат. Албетте, биз азыр көрүп жатабыз. ШКУнун аскерлери өзүнчө бир машыгууларды өткөрүп жатат. Ошондой коркунуч бар деп эсептейм. Анткени, бул ойду жалаң гана Кыргызстанда же постсоветтик аймактагылар эмес, башка саясат таануучу илимпоздор да айтып жатышат. Биз кичинекей мамлекет болгондон кийин, ал жолго түшпөшүбүз керек.

- Эми сиздин оюңузду улай суроо берейин. Кээ бир журналисттер жазып жатышат саммит тууралуу. Кыргызстанга жалаң гана диктаторлор топтолот деп. Чынында Бишкектеги саммитке байкоо жүргүзө турган Ирандын президенти Махмуд Ахменидижат да бар. Кыргызстан АКШны өзүнүн стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири деп эсептеп келе жатпайбы, ошол эле учурда Иран менен АКШнын ортосунда бүгүнкү күндө өтө эле чыңалып турган жагдайды эске алганда, Иран президентинин Кыргызстанга келиши Вашингтон менен Бишкек ортосундагы мындан аркы алакаларга терс таасирин тийгизбейби?

- Чындыгын айтканда биз бардыгыбыз билебиз. АКШ менен Ирандын ортосундагы мамиле начар болуп жатат. Согушка чейин бара турган болуп калышты. Тегерандык лидер ШКУнун температурасын изилдеп жатып, ал деле түшүнүп жатат. ШКУ антибатыштык уюм катары түзүлгөнгө мүмкүнчүлүгү бар. Ошон үчүн ал да өз коопсуздук маселесин ойлош керек да. Башка мамлекеттерге кошула албай, бирок, бул уюмга кошулууга мүмкүнчүлүгү бар деп ойлойт. Бирок биз дагы эстен чыгарбашыбыз керек, ШКУнун уюшушу бул өтө татаал уюм. Ичинде биримдик жок. Анткени, Кытай менен Оруссиянын ортосунда ар кандай кызыкчылык бар. Андан кийин байкоочу Индия мамлекети болсо, бул антидемократиялык же демократиясыз мамлекеттердин уюмуна бир демократиялык мамлекет кошулушу мүмкүн.

- Зайнидин мырза, саммит учурунда карала турган дагы бир башкы тема. Өзүлөрү айтып жатышат бирок, каралбайт деп. Ошентсе да “Манас” аба майданы боюнча да маселе каралып калышы мүмкүнбү?. Кытай же Орусия балким экөө тең аны чыгарыш керек деген маселе коюшу мүмкүн деген ойлор айтылып жатат. Буга кандай дейсиз?

- Балким карай турган болсо жекеме-жеке карашы мүмкүн. Бирок, түздөн-түз караганга мүмкүнчүлүк жок . Анткени “Манас” аба майданын чыгарыш үчүн өтө чоң себеп керек. Кыргызстан менен Американын ортосунда буга чейин майда чүйдө маселелер болгон бирок, өтө чоң орчундуу маселелер болгон эмес. Ошон үчүн бул маселе каралбайт деп ойлойм. Анткени, биз ойлоп жүрөбүз ар бир саммитте бир сенсация, чатак, ушак чыгышы керек деп. Чынын айтканда алты саммит өткөрүлдү. Бирөөнөн да чатак чыккан жок. Казакстанда саммит болуп жатканда бул уюмга жарым дүйнөлүк экономика жана жарым адамзат келет делген сенсация туулган. Албетте Кытайдын кызыкчылыгы бар Америка аба майданын чыгарганга, бирок, Орусиянын көз карашы бул маселеге башкача.

- Маегиңизге рахмат.
Куржундар
XS
SM
MD
LG