Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:28

Б.БАЙКОЖОЕВ: БАНК БАСЫП АЛУУНУН АРКАСЫНДА АК ҮЙ ТУРАТ


Аманбек Жапаров,Бишкек “Ысыккөл инвест” банкынын 41 пайыз акциясынын мурдагы ээси белгилүү ишкер Чыныбай Турсунбеков, президент Курманбек Бакиевдин жана президенттин мамлекеттик кеңешчиси Үсөн Сыдыковдун кысымы астында акцияларын саткандыгын айткан. Мындай билдирүүнү бүгүн аталган банктын башкармалыгынын мурдагы төрагасы, Болот Байкожоев маалымат жыйынында жасады. Анын айтымында, банкты күч менен басып алган өздөрүн акционербиз деген топтун артында Ак үйдөгү жогорку бийлик адамдары турат. Ал эми “Ысыккөл инвест” банктын жаңы төрайымы Раимкүл Жапарова жетекчиликтин алмаштырылышы мыйзамдын чегинде жүргүзүлгөндүгүн, алардын артында эч кандай жогорку бийликтеги адамдар турбастыгын кабарлады.



«Садыков жана анын шериктери» юридикалык компаниясынын жетекчиси Нурлан Садыковдун айтымында, 10-августта «Ысыккөл инвест» банктын 41 пайыз акциясына ээлик кылган акционерлер тобу кезексиз чогулуш өткөрүшүп, мыйзамды одоно бузуу менен ошол эле күнү банктын жаңы жетекчилигине парламенттин депутаты Садыр Жапаровдун бир тууган эжеси Раимкүл Жапарованы дайындашкан.

Аталган банктын төрагасы Болот Байгожоев болсо жөнөкөй акционерлер күч менен банкты басып албайт эле, алардын аркасында «Ак үйдөгү атка минерлер» турат, мамлекеттик «машине» катуу иштеди деген пикирде.

- Мен ойлойм, жөнөкөй акционерлер бир күндүн ичинде чогулуш өткөрүп, эки соттун чечимин алып, сот депертаментинин өкүлүн, бир взвод милиция кызматкерлерин алып келгенге күчү жетпейт эле. Ошон үчүн булардын артында Ак үй турат.

Болот Байкожоев белгилегендей банктын 41 пайыз акциясынын мурдагы ээси белгилүү ишкер Чыныбай Турсунбеков, банк жөнүндө мыйзам боюнча акцияларды үчүнчү тарапка сатууга укугу жок эле. «Турсунбеков президент Курманбек Бакиев менен анын мамлекеттик кеңешчиси Үсөн Сыдыков банктын акцияларын сатууга мажбурлаганын айтты»,- дейт Байкожоев.

- Чыныбай Турсунбековго мен экс-депутат Тентиев менен барганда ачык эле айтты, «Сен революция жасагансың, Бакиев менен, Сыдыков менен сүйлөшкүнүң. Алар мени коркутуп атат, акцияңды бербесең анда биз сенин ишиңдин таш-талканын чыгарабыз!»,- деп. Анан мен президентке бул маселе боюнча кат жаздым. Бирок андан эч кандай майнап чыккан жок. Тескерисинче банкты алып атышат,- деди Болот Байкожоев.

Бул маселе боюнча биз – «Азаттык» үналгысы Үсөн Сыдыков менен Чыныбай Турсунбековдун пикирин билүүгө аракет кылдык. Бирок алар менен байланышууга эч бир мүмкүнчүлүк болгон жок.

Ал эми банктын жаңы жетекчиси болуп дайындалган Раимкүл Жапарова тескерисинче Болот Байгожоев бир канча жылдардан бери банкта мыйзамдан тышкары өзүмбилемдик өкүмдарлыгын жүргүзүп келген дейт. Ал банкты күч менен басып алган жокпуз, бардыгы мыйзам чегинде деп билдирди.

- Ушундай ушак кепти жүргүзүп атат. Ак үйдөн Бакиев кийлигишип атат деп. Бакиевдин коммерциялык банктардын акциясын сатып алганга укугу жок деп ойлойм. Анткени ал президент. Мамлекеттеги биринчи киши андай иштер менен алектенбейт. Бул жөн эле айтылган сөз.

Болот Байкожоевдин айтымында, өлкөдө менчиктерди басып алуу күч алып, ишкерлер бир заматта тапкан-ташыганынан кол жууп калуу коркунучу бар.

- Кыргызстанда азыр рэкеттик кылып, «мүлкүңдү бергиниң, болбосо сени жок кыламын» деген иштер бир эмес, аябай көп болуп атат. Бүгүнкү күндө биздин ишкерлер кайсы убакта болсун өзүнүн оокатын жоготуп коюу коркунучу бар.

CҮРӨТТӨ: Жогоруда «Ысыккөл инвест» банкынын мурдагы төрагасы болот Байкожоев жана төмөндө банктын жаңы төрайымы Раимкүл Жапарова.

XS
SM
MD
LG