Үстүдө жылдын этегинде Мамдуманы, а келе жаткан жылдын биринчи чейрегинде президентти шайлоо өткөнгө байланыштуу федералдык бийлик аны жер-жерлерде колдон келишинче өз пайдасына чечүү аракетин жасап атат дешет. Ошол олуттуу саясий жаңыланууга карата көрүлүп аткан даярдык дейт, маселен, талдоочу Александр Кынев. Ошол себептен Кремль бийлиги «баарыдан мурда ал шайлоолордо «Бирдиктүү Орусия» партиясын ийгилик менен камсыз кыла албагыдай акимдерди эмитен иштен алып атат».
Чынында эле акимдер болбогон шылтоо менен кызматынан айдалып калып атышат. Сахалин обулусунун жетекчиси Малаховдун иштен алынышына, маселен, ал аймакта жер титирөө болгондо Невельски кыштагынын кыйрап калышы себепкер болгон.
Орусияда губернаторлорду Б.Ельцин тушунан адат болгондой эл шайлабай Кремль дайындап калышы 2004-жылдан башталган. Андан соң алардын кетемин деп арыз киргизгендерин федералдык бийлик агына-көгүнө карабай ордунда калтырып келаткан. Эми ошол ынактык кез арадан качканын анализчилер белгилешет. Федералдык бийлик капилеттен эле өзү ишенген кишисин бийликке олтургузуу ыкмасына өткөнүн айтышат.
Анын бир себеби акимдердин арасында В.Путиндин бийлигине кайнаса каны кошулбагандыкта дешет. Алар ошол себептен чийиндин сыртында каларын өткөөл кездеги институттун эксперти Кирилл Рогов айтат. Андай губернаторлордун бири М.Прусак дейт. «Токсонунчу жылдары жарышка эл алдында ачык чыгып жүрүп саясатчылык тарбиясын алган. Шол үчүн ал акимдикти Путиндин көргөзүүсүнөн улам эмес, өз баркы менен улам кайра шайланган. Андайдын азыркы бийликке кереги жок» - дейт «Эхо Москвы» үналгысы аркалуу айткан пикиринде.
Ал эми көз карандысыз талдоочу Дмитрий Орешкин айтканга караганда акимдерди кызматтан алуу орусиялык бийлик жүргүзө баштаган жаңы саясаттагы негизги иш жана ал кыйлага созулат:
- Бул жерде Кремлдин акимдерди алмаштырууга кез келди деп эсептеши жана экинчиден, шайлоого карата көрүлүп аткан даярдык көрүнүп турат.
Орусиянын президенти Владимир Путин акимдерди элдин түздөн түз добушка салып шайлоосунан ажыраткандан кийин улам кайра айткан кеби, аларды дайындоо өлкөдө ырааттуулук орнотулуп өнүгүү үчүн мыкты натыйжа берет убадасы болууда. Маселен, былтыр 31-январда журналисттер менен жолугушуп олтуруп айткан:
- Ушундай ык менен кызматка коюлган губернатор карамагындагы аймактын маселелерине сезимтал келип бүткүлдөй улуттук кызыкчылыкка да эң жакын таламда болот.
«Moscow Times» жазганга караганда Крмелдин сынына толбогон аймактык жетекчилер арасында: Самара обулусунун акими Константин Титов, Карелия жумуриятынын президенти Сергей Катанандов, Карачай-Черкес жумуриятынын президенти Мустафа Батдиев, Волгоград обулусунун жетекчиси Николай Максюта, Пермь обулусунун жетекчиси Олег Чикунов, Чита обулусунун акими Равил Гениатулин, Архангельск обулусунун жетекчиси Николай Кузнецов, Хакас жумуриятынын президенти Алексей Лебедь жана Ставрополь крайынын жетекчиси Александр Черногоров бар.