Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:34

ТЕГЕРАН: ТӨРТ АКШ ЖАРАНЫНЫН АЙЫБЫ ДАЛИЛДЕНБЕЙ ЖАТАТ


Иранда бир нече айдан бери түрмөдө отурган теги ирандык америкалык эки жарандын соту жакында болот. Тегерандын орун басар прокурору Хасан Хаддад жекшемби күнү маалымдаганга караганда, айрым “жазма иштер” аяктар замат соттун өкүмү чыгат. Майда кармалгандан бери Тегерандын атактуу Эвин түрмөсүндө отурган Хале Исфандияри айым менен Кыян Тажбакш Ирандын коопсуздугуна каршы аракеттенди деп күнөөлөнүүдө.

67 жаштагы Хале Исфандияри айым Кошмо Штаттардагы Вудров Вильсон атындагы эларалык илимий борбордо Жакынкы Чыгыш боюнча программаны жетектөөчү. Кыян Тажбакшы Ачык коом институнда иштөөчү.

Иран өкмөттүк телеканалы июлда бул эки изилдөөчүнү көрсөтүп, алардын өкмөткө каршы Кошмо Штаттары уюштурмакчы болгон кутумга катыштыгы бар экенин мойнуна алганын маалымдаган эле. Бул кабарды эларалык укук коргоочу уюмдар жана экөөнүн туугандары бүтүндөй калп дешет. Ирандын Адам укугун маалымдоочу студенттик комитети 12- августта билдиргенге караганда, эки илимпоз кыйноо астында бийликтер каалаган кагазга кол коюп беришкен жана алар менен не туугандары, не адвокаттары жолуктурулган эмес.

Абийир туткундары да түрмөдөн чыгардан алдың өздөрүн каралаган кагаздарга кол коюп берүүгө мажбурланганы, атүгүл өздөрү жасабаган күнөөсүн мойнуна алып турганы Иран сыналгысыдан көрсөтүлгөнүн айтып жүрүшөт. Эки илимоздун колдоочулары, анын ичинде Американын ислам конгресси аларды жактап, Интернетте бир нече сайтты ачышты. Ал сайттардын биринде Кыян Тажбакш менен чогуу иштешкен Алекс Щварцтын берегидей пикири чыкты:

- Бул мен үчүн жаакка чапкандай жана чындыкка окшобогон окуя. Ал эмне иш жасабасын баары ачык жүргүзүлгөн жана көбүн эсе Иран өкмөтүнүн заказы менен иштөчү. Эми аны күнөөлөшүүдө. Бул акылга сыйбаган шумдук.

Алекс Щварц- Миландагы экономикалык университеттин Шаар саясатын анализдөө жана башкаруу программасынын башчысы.

Эки илимпоздон башка да теги ирандык АКШ жарандары: ишкер Али Шакери, кабарчы Парназ Азима Тегеранга апасын көргөнү келгенде камакка алынган. Аларга коюлган күнөөнү Америка Ислам конгрессинин Жакынкы Чыгышты колдоо программасынын директору Насер Веддеди “чоң жаңылыштык” деп эсептейт:

- 67 жаштагы чоң энени, илимпозду, ишкерди жана кабарчыны камакта кармоо өлкөнүн эларалык аброюн түшүрө турганын Иран Ислам Республикасынын билгени өтө маанилүү. Себеби, “Эмне үчүн 67 жаштагы чоң энени Ирандай кубаттуу өлкөдө камакка алынат?” деген суроо ал камалгандан тарта мага окшогон көптөгөн адамдарды кызыктырууда.

Иран бийликтери Парназ Азиманы “Фарда” радиосунда иштейт, Иранга каршы маалыматтарды таркатат деп күнөөлөнүүдө. Ал эми Калифорния университетинин кызматкери, тынчтык активсити Али Шаркерини камакка алуунун себеби айтыла элек.

XS
SM
MD
LG