Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:41

ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛОО УКРАИНАДАГЫ САЯСАТТЫ ӨЗГӨРТПӨЙБҮ?


Украинанын саясый партиялары 30-сентябрда болчу парламенттик шайлоого кызуу даярданып жаткан кез. Ири партиялар курултай өткөрүп, өз программаларын жана талапкерлеринин тизмесин бекитти. Анткен менен, парламенттик шайлоо бийликке жаңы адамдарды алып келип, анын бейнесин өзгөртөт деп үмүт кылгандар жаңылышат. Иликтөөлөргө караганда, болочокку парламент азыркы парламенттен көп деле айрымаланбайт.

Украинадагы саясый эрөөлдүн чабендестери 2006- жылкы шайлоодон тааныш уюшмалар: Премьер-министр Виктор Януковичтин Региончулар партиясы, экс-премьер Юлия Тимошенконун блогу, президент Ющенко тарабындагы “Биздин Украина” - Элдик коргонуу блогу, Соцпартия жана Компартия. Шайлоону утурлай өткөрүлгөн курултайлар да Жогорку Радага элге тааныш саясатчылар менен амалдарлар келерин көрсөттү. Айтсак, Региончулар партиясынын тизмесиндеги биринчи 10 талапкер мурдакы депутаттар. Дагы премьер-министрдин беш орун басары жана 11 министр бар. Бир өзгөчөлүгү Януковичтин партиясы бул ирет орус тилине ырасмий макам берүү жөнүндө жана НАТОго каршы ураандарды чакырган жок. Юлия Тимошенконун блогунун тизме башындагы он талапкер да мурдакы парламентарийлер.

“Биздин Украина” - Элдик коргонуу блогунун биринчи он талапкеринин катарында бир гана жаңы ысым бар. Калган тогузу экс-депутаттар менен Тышкы иштер министри Арсений Яценюк жана Коргоо министри Анатолий Гриценко сыяктуу ырасмий адамдар. Анүчүн, “Азаттыктын” украин бөлүмүнүн кызматкери Васил Зилгалов президентчил блокту чоң жеңишке жетет деп ишенимдүү айтуу оор дейт:

- “Биздин Украина» партиясынын тизмесине бир топ жаштар кирген. Ющенко Тимошенконун блогу аларга союздаш экенин кайра-кайра айтууда. Андыктан, Ющенко таянчу эки блок бар. Бирок да ал кандай ийгиликке жетерин айтуу кыйын.

БШК тимошенкочул талапкерлер жашаган жерлери жөнүндө так маалымат беришпеди деп, аларды каттай элек. Тимошенко муну саясый жүйөдөн жасалган кыянаттык деп атады жана анын миңдей колдоочусу 13- августа Киевде нааразылык акциясын өткөрдү. Украинадагы шайлоого Орусия мурдакыдай эле кийлигишет деп боолгонууда. Васил Зилгаловдун айтышынча:

- Шайлоого бир ай калганда жараянга Орусия башын салат. Анткени, Орусия 2004- жылдын кайталанышын каалабайт. Москва Украинада шайлоо кандай өтөөрүн билгендиктен, ага таасир этүү үчүн мунайы менен газын пайдаланат. Украина Орусиянын мунай-газына катуу байланган. Анан да Региончулар партиясында Орусиячыл күчтүү топ бар.

2004-жылкы президенттик шайлоодо Кремль Виктор Янукевичти ачыктан колдогон. Шайлоонун талашы “Саргылтым ынкылапка” түрткү болуп, батышчыл Виктор Ющенкону тактыга отургузуу менен бүткөн.

XS
SM
MD
LG