Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:42

АМЕРИКАЛЫК СТРАТЕГ КАРЛ РОУВ КЫЗМАТЫНАН КЕТҮҮДӨ


Нарын АЙЫП, Прага АКШ президентинин саясий маселелер боюнча кеңешчиси Карл Роув кызматынан августтун аягында кете турганын жарыялады. Байкоочулардын айтымында, президентти бийликке алып келген жана негизги саясий маселелер боюнча ага кеңеш берип жүргөн адам Роув болчу.

Жорж Буштун кеңешчиси болуп Карл Роув он жылдан ашык иштеген жана 1994-жылы Буш Техас штатынын губернатору болуп шайланганында Роувдун салымы зор деп айтышат. Көпчүлүк байкоочулардын пикиринде, алты жылдан кийин Буш АКШнын президенти болуп жана өлкөдөгү оор абалга карабай төрт жылдан кийин кайрадан шайланганын дагы Роув менен анын жардамчылары камсыз кылган. Алардын айтымында, Американын саясий түзүлүшүн жана анын элитасы менен карапайым шайлоочуларын кайсы бир маселеге кызыктырып, алардын көңүлүн эмне менен алууну Роув өтө жакшы билген саясий технолог.

Вашингтон шаарындагы Като институтунун эксперти Патрик Бэшемдин пикиринде, Роув - Америкада акыркы жылдарда пайда болгон эң күчтүү саясий стратегдердин бири: "Карл Роувду мен - акыркы бир нече он жылда АКШда пайда болгон эң таланттуу саясий стратегдердин бири деп эсептейм. Ак үйдөгү саясий иштерге анын таасири өтө зор болчу, анткени америкалык шайлоочулардын арасындагы маанайды туура жана так түшүнүп, аларды тиги же бул саясатты же талапкерди колдоп, башкаларды четке кагууга көндүрө алган адам болчу", - дейт Бэшем.

Иракка каршы согуш баштоо алдында Ак үйдө Роув башкарган атайын эксперттик топ түзүлгөн жана сегиз ай иштегендени кийин алар - Багдадка каршы күч колдонуш керек деген жыйынтык чыгарган. Кийин президенттин андай чечимине Конгрессттин колдоосун алып берүүгө дагы Роувдун кошкон салымы зор деп айтышат.

Анткен менен акыркы мезгилде Роув анчалык орчундуу жеңиштерге жете албай калган. Президент Буш даярдаган социалдык маселелер боюнча демилгени Конгресс колдогон жок. 2005-жылы АКШнын түштүк штаттарына Катрина деген атка конгон ураган тийгенде, анын кесепеттерин ылдам жойбогону үчүн президент менен анын кеңешчиси Роув дагы катуу сынга алынган.

Былтыр ноябрда өктөрүлгөн парламенттик шайлоонун натыйжасында Конгресстин эки палатасындагы тең көпчүлүк оппозицияга өттү жана ал жыйынтык Роувга тийген катуу сокку болду. Шайлоо өнөктүгү учурунда оппозициялык талапкерлерге каршы аракет көрүүгө жергиликтүү прокурорлор тартылган деген маалыматтар көп чыгууда жана аны менен байланыштуу укук министри Алберто Гонзалес менен Роув күнөөлөнүүдө.

Президенттин рейтинги акыркы мезгилде такай төмөндөп баратат, андан тышкары, Ирак согушу туура эмес негизде башталган деп 2003-жылы АКШнын Нигер мамлекетиндеги мурдагы элчиси Жозеф Вилсон президентти сындап чыкканда, ага жооп катары анын аялы Валери Плейм тууралуу жашыруун маалыматтар журналисттерге берилген жана андан чыккан чатактын натыйжасында июнда вице-президент Дик Чейнинин жардамчысы Люис Либби соттолду. Бирок ал мыйзамсыз аракеттердин артында Роув турган деген маалыматтар да бар.

Кызматтан кетээри жөнүндө Роув "Уолл стрит жорнел" гезитинде 13-августта чыккан интервьюсунда билдиргенде, үй-бүлөсүнө көбүрөөк көңүл буруш керек экени жөнүндө айтты. Байкоочулардын пикиринде, келечекте ал соттолбош керек.

XS
SM
MD
LG