Ошондой эле Президент Курманбек Бакиев өз сөзүндө Кыргызстан менен Кытайдын кызматташтыгындагы негизги багытты соода жана экономикалык жаатта жакшылап өнүкүрүү керектигине токтолуп, өз ар бир катар долбоорлорду ишке ашыруу максатка ылайык экендигин айтты. Анын айтымында, кыргыз тарап кытайлык ишкерлерге ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө, Кытайдан келе турчу инвестицияга кызыкдар. Андан тышкары президенттин ырастоосунда, Кыргызстан Кытай менен гидроэнергетика, транспорт, байланыш, мунай иштетүү, пайдалуу кендерди иштетүү жаатында кызматташууга кызыгап турат. К.Бакиев Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу тууралуу да кеп козгоп, бул жолду «түндүк варианты» боюнча куруп баштоону сунуш кылды.
Ал эми Кытай Эл Республикасынын төрагасы Ху Цзиньтао болсо, өз кезегинде кыргыз тарапка жогорку деңгээлдеги жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылыгын билдирип, байыркы тарыхы бар кыргыз элине жана алар жердеген мамлекетке өнүгүп-өсүү каалады. Төраганын айтымында, ушул жылдын биринчи жарымында биринчи жолу эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү 73,5 % өскөн. «Бул – эки өлкөнүн кызматташтыгынын өсүп жатканын дана көргөзүп турат» - деди Ху Цзиньтао. Ошондой эле ал Кытай мамлекети Кыргызстанга экономикалык жана социалдык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн 60 миллион юань өлчөмүндө кайтарымсыз жардам бере турганын баса белгиледи. Кытай төрагасы Кыргызстандын коопсуздук, террорчулук, экстремизим жаатындагы иш-чаралары колдоого татырлык экендигин айтып, ШКУнун Бишкек саммитин кыргыз тарап татыктуу өткөрө турганына толук ишенерин айтты. (IJz)