Бүгүн өлкө башчысы Бакиев Кытайдын төрагасы Ху Цзиньтао менен жолугушуу учурунда эки тараптуу кызматташтык кыргыз-кытай мамилелерин жаңы деңгээлге чыгарат деген ишенимин билдирди. К. Бакиев кыргыз тарап отун-кубат, транспорт, байланыш түйүндөрү, жеңил өнөр-жай, туризм жана айыл-чарба тармагында бирдиктүү долбоорлорго кызыкдар деп кошумчалады. Өз кезегинде Ху Цзиньтао саясат, экономика жана маданият тармагында кызматташууларды канааттандырарлык деп сыпаттады. Төрага Ху Цзиньтао Кыргызстанды террорчулук, экстремизм жана аймактык коопсуздукту жөнгө салуудагы аракеттерин колдой тургандыгын билдирди. Эки тараптуу жолугушуу учурунда он эки документке кол коюлду. (ZMa)
20:00 Президент К. Бакиев: Кытай Кыргызстандын маанилүү саясий жана экономикалык өнөктөшү