Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:49

«БАЛДАР ЖОМОКТОРДУ ТАРТЫШАТ» ЭЛ АРАЛЫК КӨРГӨЗМӨСҮ АЧЫЛДЫ


Бишкекте өтүүчү саммитке карата ачылган көргөзмөдө эки жүздөн ашык эмгек коюлган. Анын ичинен жүзгө жакыны Кыргызстандагы “Жаш сүрөтчү” студиясынын жана “Балажан” борборунун балдары жараткан сүрөттөр.

Алгач балдар үчүн сынак жарыяланып, аларды дүйнө элдеринин жана кыргыз элинин жомоктору менен тааныштырышкан. Мына ошонун негизинде тартылган сүрөттөр көргөзмөгө тандалып алынды. Ал эмгектердин ичинде жаш сүрөтчү Санжар Коңурбаевдын да сүрөттөрү бар.

-Мен көргөзмөгө “Ак кеме”, “Бугу эне”, Ысыккөлдүн пайда болушу тууралуу жомоктордон алынган сүрөттөрүмдү койдум. Бирок мен ал эмгектерди жомокто сүрөттөлгөндөй эле кылып тартып койбой, өзүмдүн фантазиямды да кошуп койдум. Себеби өзгөчөрөөк болуп, сынакка илинип калсын дедим.

Көргөзмөдө ошондой эле Шанхай Кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн балдары тарткан сүрөттөр да коюлду. Эл аралык бул долбоор 2004-жылы башталып, буга чейин бир катар мамлекеттерде көргөзмөлөр уюшулган. Долбоордун автору, Пушкин атындагы көркөм өнөр музейинин башкы адиси Ирина Захарова долбоор тогузунчу ирет өткөрүлүп жаткандыгын айтты.

-Бул көргөзмөнүн кызыгаарлык жана суктанаарлык тарыхы бар. Биринчи жолу 2005-жылы Пекинде ачылып, ошондон тарта ар кайсы өлкөдө кыдырып, тогузунчу ирет Кыргызстанда ачылып олтурат. Долбоордун негизги максаты көркөм өнөр аркылуу балдарды башка улуттардын маданияты менен тааныштырып, бири-бири менен достоштуруу.

Шанхай Кызматташтык уюмунун башкы катчысы Болат Нургалиев: - Мындай көргөзмөнү уюштуруу зарыл. Себеби бул балдар чоңойгондо бири саясатта, экинчиси маданият тармагында, дагы бири экономика жаатында эмгектенишет. Андыктан мына ушул достук, кызматташтык алаканы улантуучулар десек жаңылышпайбыз, деген оюн билдирди.

Көргөзмө 17-августка чейин созулат. Иш-чаранын алкагында ар кандай сынактар, устаттык сабактар уюштурулуп, концерттик программалар тартууланат. Ал эми долбоор онунчу көргөзмөсү келерки жылы Дүшөмбүдө ачылат.

XS
SM
MD
LG