Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:38

ХУ ЦЗИНЬТАО МЕНЕН АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ ЖОЛУКТУ


Бүгүн эртең менен Кытай Эл Республикасынын төрагасы Ху Цзиньтао менен Кыргызстандын премьер-министри Алмазбек Атамбаев жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Негизинен сүйлөшүүлөрдө Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы соода-экономикалык алакаларды өнүктүрүү маселелери талкууланды. Кытай төрагасы жолугушуу учурунда кечээки кол коюлган документтер эки өлкө ортосундагы соода алакасын тереңдетүүгө өбөлгө түзөрүнө токтолду. Ошондой эле Кытай тарап Кыргызстандын Токмок кагаз чыгаруучу ишканасынын карызын кечкендиги маалым болду. Андан тышкары өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев жолугушуунун соңунда, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууну баштоого макулдашылганын, Түркмөнстандын газ куурун Кыргызстан аркылуу Кытайга алып өтүү маселеси да Түркмөнстан жана Кытай менен сүйлөшүлүп жатканын билдирди. Бул тууралуу «Азаттыктын» кабарчысы окуянын чордонунан кабарлады. (IJz)

XS
SM
MD
LG