Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:06

Ө.ТЕКЕБАЕВ: КЫТАЙ БИЗДИН НЕГИЗГИ СООДА-ЭКОНОМИКАЛЫК ШЕРИККЕ АЙЛАНАТ


14-августта Кыргызстанга Кытай Эл Республикасынын төрагасы Ху Цзиньтао келген. Ал кечээ 14-августта президент Курманбек Бакиев менен жолугушту. Эки тараптуу кызматташтыкка тиешелүү он эки документке кол коюлду. Бүгүн болсо Кытай лидери Жогорку Кеңештин депутаттары жана төрагасы Марат Султанов менен жолугушмакчы. Анда талкуулана турган маселелер жөнүндө “Азаттыктын” таңкы түз обосунда Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев айтып берди.

- Бүгүнкү жолугушууга катыша турган болуп турасыз. Кайсы маселелер боюнча сүйлөшөсүздөр?

- Кытай эл республикасынын төрагасы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламентинин төрагасынын жолугушуусу болот. Бул жолугушууга Кыргызстан парламенти тарабынан төрага жана башка жетекчилер катышат. Негизинин бул жолугушуу кызматташуу боюнча болот. Орчундуу маселелер каралбайт. Негизинен бул жалпы кызматташуу, достук, ынтымактуулук жөнүндө болот деп ойлойм.

- Ал эми Кытай менен Кыргызстандын парламенттер ортосундагы мамилелер жөнүндө дагы сүйлөшсөңүздөр керек. Негизи сиздерде кызматташтык барбы?

- Кыргыз парламентинде кыргыз-кытай кызматташуу, достугу жөнүндө чоң группа бар. Ал группанын жетекчиси Рашид Тагаев. Бүгүнкү жолугушууда Рашид Тагаев да катышат. Албетте, парламенттер ортосунда кызматташуу жөнүндө сөзсүз сөз болот.

- Өмүрбек мырза, кытай лидеринин Кыргызстанга сапарынын алдында бир Кытай жараны менен Кыргызстандык журналист тыңчылык үчүн кармалышты. Бүгүнкү жолугушуу учурунда бул маселе боюнча да сөз козголушу мүмкүнбү?

- Менин оюмча бул маселе боюнча сөз козголбойт. Анткени, бул жолугушууда глобалдык чоң маселелер жөнүндө сөз болот. Ал эми кыргыз-кытай мамилелерине көлөкө түшүрүүчү фактылар боюнча сөз болбойт го деп ойлойм.

- Бүгүн Кыргызстан менен кытайдын кызматташтыгында өзгөчө бир соода экономикалык мамилелерди жакшыртууга көңүл бурулуп жатканы да бекеринин болбосо керек. Кыргызстан-Өзбекстан-Кытай багыты боюнча курулушу каралып жаткан темир жол каттамы бул жолу чечиле тургандай болуп турабы?

- Кытай 2006-2010-жылдык өзүнүн беш жылдык планына ушул темир жолду курууну киргизген. Бул темир жол биздин мамлекет үчүн абдан маанилүү. Биз географиялык туңгуюктан чыгабыз. Чыгыш менен батышты кошкон жолдун ортосунда турган транзит өлкөгө айланабыз. Бул Кыргызстан үчүн экономикалык планда да, саясий планда да абдан маанилүү долбоор. Эгер бул долбоор ишке ашып калган болсо, Кыргызстандын экономикасы үчүн чоң түрткү болор эле. Азыр да Кытай Республикасы биздин негизги соода-экономикалык кызматташыбыз болуп эсептелинет. Кыргыз статистикасы былтыркы жылга 284 миллион долларлык товар алмашуу болду деп эсептсе, кытай тарап 2 миллиард 200 миллион долларлык товар Кыргызстанга кирди деп эсептейт. Ушунун өзү бүгүн Кытай Орусияга тете, жада калса Орусиядан да алдыда турган биринчи биздин соода-экономикалык шериктештигибизге айланып баратканын көргөзөт. Эгерде сиз айтып өткөн темир жол курулуп калган болсо, кытай шериктеш болот. Биздин эң биринчи соода-экономикалык шерикке айланышы мүмкүн.

- Өмүрбек мырза, кыскача айтып кетсеңиз. Кытай лидери менен парламентарийлердин жолугушуусу жөн эле мамлекеттик визиттин протоколунун бир бөлүгү болбой, маанилүү бир маселелер боюнча дагы сүйлөшө алабыз деп ойлойсузбу?

- Чындыгын айтканда, бул протоколдук сый жолугушуу болот, бирок, сөзсүз мында депутаттар, президенттердин ортосундагы болгон сүйлөшүүлөрдү бекемдөөгө аракет жасайбыз. Ошондой эле парламенттер ортосундагы жолугушууну мындан ары өнүктүрүп, түрткү берүүгө аракет кылабыз. Негизинен кытай-кыргыз парламентинин ортосундагы жолугушуу да маанилүү, эми ал жак башка типтеги башка түзүлүштөгү өлкө. Ал жактын башка кожоюну бар. Ал төрага менен Кыргыз Республикасынын президентинин жолугушуусу эң негизги жолугушуу болуп, ал эми биз менен болгон жолугушуу бул протоколдук жолугушуу болот.

- Маегиңизге чоң ырахмат.

XS
SM
MD
LG