- Саммит учурунда кайсыл көчөлөр жабык болот, өзгөчө айдоочулар алдын-ала кандай маалыматты билиши керек дейсиз?
- Кечээ Кытай Эл Республикасынын төрагасы келди. Мына ошол учурда аэропорттон Фучик көчөсүнө чейин, Чүй проспектисинен Манас көчөсүнө чейин резиденцияга чейинки жол убактылуу эки саатка гана жабылды. Резиденцияга 30-35 мүнөттүн тегерегинде жетти. Мына ошол учурда гана борбордук көчөлөрдү жабууга туура келди. Андан кийин кайра эле ачылды. Ал эми бүгүн бир топ мамлекеттердин жетекчилери келиши күтүлүүдө. Ошого карат ички иштер кызматкерлери эртең мененки 6.30 дан баштап ар кими өзүнүн бөлүнгөн ордуларында турат. Кайсы убакта команда түшкөндө гана убактылуу жолдор жабылат, андан кийин транспорт кадимкидей жүрө берет. Ал эми эртең да бир-эки делегация эртең менен эрте келиши күтүлүүдө. Мына ошол учурда, жана президенттер менен кошо келген делегацияларды бир жактан, башка жакка алып өткөндө гана айрым көчөлөр кыска убакытка жабылышы мүмкүн. Ал эми негизи бүгүн делегациялардын келишине жараша, бир-эки сааттан жолдор жабылат.
- Саммит учурунда коопсуздукту камсыз кылууга беш миңдей милиция кызматкерлери катышат деп айтылган эле, бул өзү жетиштүүбү же аларга кошумча дагы башка күч структураларынан колдоо болобу?
- Бүгүнкү күндө негиз бүт күч структуралары баардыгы тең иштеп жатышат. Аэропорттон баштап, резиденцияга чейин коомдук тартип сакталуу. Шаардын ичинде күзөткө алына турган обьектилер бар, мына ошол жерлерге бүгүнкү күндө беш миң бир жүздөн ашык милиция кызматерлери андан сырткары транспорт менен жүрө турган эки жздөн ашык экипаж, булардан сырткары күнү-түнү иштей турган оперативдүү, мобилдүү топтору иштеп жатышат. Бул гана эмес, республиканын аймагы боюнча да күчөтүлгөн режим киргизилген.
- Алдын-ала күтүлбөгөн окуялар болуп кетишине да даярдыктарды көрсөңүздөр керек?
- Бул саммитке карата декабрдан бери атайын план түзүп, окууларды, рейддерди жүргүзүп жатабыз. Негизинде ар кандай багыттарга тиешелүү өзүбүздүн пландарыбыз бар, ошол боюнча иштейбиз. Бирок биздин оюбузча баардыгы ийгиликте өтөт деген ишеничтебиз.
- Саммит күнүндө шаардыктарга кандай кеңештерди айтаар элеңиз, эркин эле жүрүүгө болобу, же өзүнчө тыюу салган жерлер барбы?
- Негизи шаардын элине тыюуу салган өзүнчө буйрук, көрсөтмө жок. Бирок ошого карабастан ар кандай ыңгайсыздыктар түзүлүп жатпайбы, шаардын көчөлөрү жабылып, мейманканалардын тегеректери жабылыш мүмкүн. Ошого байланыштуу борбордук көчөлөрдө транспорт менен жүрбөй эле коюшса, экинчиден ушул көчөлөрдө өтө турган иш-чаралары болсо бир-эки күнгө жылдырып коюшса деген өтүнүчүбүз бар.
- Шаардагы “Океан” деген үйдүн жашоочуларына терезелериңерди ачпагыла деген көрсөтмө болгонбу?
- Эми ал жерде филармонияда өнөпоздордун катышуусунда гала концерт болот. Бирок андай көрсөтмө жок. Терезе-эшигиңерди ачпагыла деген акылга сыйбайт го.
- Маегиңизге чоң ырахмат.