Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:37

14:21 Линн Паско: БУУ ШКУну НАТОго каршы түзүлгөн уюм деп эсептебейт


Мындай пикирин БУУнун баш катчысынын орун басары Линн Паско Тышкы иштер министри Эднан Карабаев менен болгон жолугушуудан кийин журналисттерге билдирди. Ал ШКУ экономикалык жана гуманитардык кызматташтыкты көздөгөн уюм деп эсептейт. Линн Пасконун айтымында, Бириккен Улуттар Уюму ШКУ, ЕБ, АСЕАН сыяктуу аймактык уюмдар менен кызматташып келатат жана мындан ары кызматташтыкты дагы улантат. БУУнун баш катчысынын орун басары бүгүн Бишкекке ШКУ саммитинин ардактуу коногу катары келди. (BuS)

XS
SM
MD
LG