Бир катар серепчилер ШКУ кийинки кездерде аскердик уюмга айланып баратканын, бат-баттан аскердик машыгууларды өткөрүп, батыш менен АКШга сес көрсөтө баштаганын айтып келишет. Айрым бир божомолдор боюнча ШКУ кадимки Түндүк Атлантика альянсына (НАТО) карама-каршы турган дүйнөдөгү бирден-бир уюмга айлангысы келет. Ошентсе да ШКУга мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрү мындай жоромолдор аша чапкандык экендигин, аскердик машыгуулар аймактык коопсуздук, террорчулук, экстремизм көйгөйлөрүнө каршы туруу үчүн зарыл экендигин айтып келишет. Бирок акыркы кездерде ШКУга мүчө жана ага байкоочулук кылган өлкөлөрдүн президенттери НАТОну, батыштын бир катар өлкөлөрүн жана АКШны катуу сындап келатышат. Алсак, президент Владимир Путин жазда өткөн Мюнхендеги чоң жыйындан бери АКШны бир уюлдуу дүйнө курууга аракет кылып жатканы, Чехия менен Польшага ракеталык системаларын орнотууга аракет кылып, Орусиянын коопсуздугуна шек келтиргени үчүн айыптап келатат. Талдоочулардын баамында, АКШ бул аракетин башкача түшүндүрүп, Орусия лидерин атасы Буштун резиденциясына чакырып сүйлөшүүлөрдү өткөргөнү менен В.Путинди ынандыра алган жок. Ал эми Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад болсо ошол эле АКШга, батышка жана өзгөчө Изарилге өтө катуу айыптарды тагып, өзөктүк курал маселесин дагы деле бир жаңсыл чечпей келатат.
Ошентсе да БУУнун баш катчысынын орун басары Линн Паско бүгүн Бишкекте журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, ШКУну НАТОго каршы түзүлгөн уюм деп эсептебей тургандыгын билдирди.
Илим Жанузаков, Бишкек
Cүрөттө: Моноголиянын президенти Намбарын Энхбаяр. (саммитке байкоочу катары катышат)
Cүрөттө: Ооганстандын президенти Хамид Карзай. (саммитке байкоочу катары катышат)
Cүрөттө: Тажикстандын президенти Эмомоли Рахмон.
Cүрөттө: Орусиянын президенти Владимир Путин.
Сүрөттө: Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов. (саммитке байкоочу катары катышат)
Сүрөттө: Ирандын президенти Мухмуд Ахмадинежад. (саммитке байкоочу катары катышат)
Cүрөттө: Кытай Эл Республикасынын төрагасы Ху Цзиньтао.
Сүрөттө: Өзбекстандын президенти Ислам Каримов.
Cүрөттө: Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев.
Сүрөттө: ШКУнун Бишкек саммитинин төрагасы, Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев.
ЭСКЕРТҮҮ: Жогоруда «Азаттыктын» сүрөт кампасынан жана ар кыл интернет булактарынан тандалып алынган сүрөттөр пайдаланылды.