Бүгүн 15-августта «Аларча» мамлекеттик резиденциясында Кытай Эл Республикасынын төрагасы Ху Цзиньтао премьер-министр Алмазбек Атамбаев менен жолугушту. Өз сөзүндө кытай лидери Кыргызстанга болгон мамлекеттик биринчи иш сапарында президент Курманбек Бакиев менен кечээ жолугушуп, бир катар маанилүү документтерге кол коюшканын белгиледи.
- Эки тараптуу кабыл алынган бул документтер келечекте кыргыз-кытай мамилелерин, кызматташттык байланыштарын тереңдетүүгө өбөлгө болот.
Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев болсо Ху Цзиньто менен сүйлөшүүлөр жогорку деңгээлде өткөнүн, Кытай менен Кыргызстанды байланыштырган темир жолун куруу тууралуу сөз болгонун, Түркмөнстандан газ куурун Кыргызстандын аймагы аркылуу алып өтүүнү кытай тарапка сунуштаганын айтты.
- Сүйлөшүүлөр абдан жакшы өттү. Кудай буюрса жакшы натыйжаларды күтүп атабыз. Биз албетте Кыргызстан-Кытай темир жолунун курулушун сурандык. Эгерде темир жол салынып калса абдан жакшы болот эле биз үчүн. Кытайдын төрагасы аны колдоду. Биздин планыбызда бар деп айтты. Анан Түркменстандан Кытай газ алабыз деп атпайбы. Биз сурандык, ошол куурду Кыргызстандын аймагынан алып өтүүнү. Ушуну чечип бергиле дедик. Улуттук бейтапкананын жаңы имаратын куруу үчүн грант бөлүндү. Андан башка Токмок шаарындагы кагаз ишканасы боюнча биздин карызыбыз бар болуучу. Ал карызды да кечтик деп айтты кытай жетекчиси.
Андан соң Ху Цзиньтао Жогорку Кеңештин төрагасы Марат султанов менен жолугушуп, парламент аралык байланыштарды чыңдоо, экономикалык-социалдык маселелер тууралуу сүйлөшүштү. Спикердин орун басары Кубанычбек Исабеков, Кытайдын төрагасы менен жолугушуу эң жакшы маанайда өткөнүн белгиледи.
- Биз тараптан Жогорку Кеңештин төрагасы баш болгон он беш депутат катышты. Кытайдын төрагасы өздөрүнүн парламентинин атынан бизге салам жолдоду. Андан сырткары эки парламенттик байланыштар, мыйзамдарды кабыл алуу боюнча эки парламенттин ортосунда достук топтору бар, ошолордун иштери боюнча сүйлөшүүлөр болду. Эки жактын мамилесин түзүү боюнча Кыргызстандын депутаттарын Кытайга чакырышты. Ошондой эле экономика, туризм, жаңы технологиялар боюнча да сүйлөшүлдү. Кытайдын төрагасы айтты, 60 млн. юань грант катарында кайтарымсыз каражат берип атат. Кечээ президент Бакиев менен жолугушканда ушундай чечимге келишти. Бул абдан жакшы жөрөлгө деп эсептейбиз. Жеке эле экономикалык эмес социалдык маслелер да көп. Мен ойлойм бүгүнкү жолугушуу жеке эле парламент ортосундагы эмес, эки мамлекеттин ортосундагы өнүгүүгө, жакшы мыйзамдарды түзүүгө өбөлгө болот.
Кубанычбек Исабеков белгилегендей Кытай лидери Кыргызстан менен товар жүгүртүү өткөн жылы эки млрд. 200 млн. долларды түзгөнүн айткан. Ал эми биздин статистикалык кызмат товар жүгүртүүнүн өлчөмүн алты эсе аз көрсөткөн, дейт Исабеков.
Жолугушууда ошондой эле билим берүү тармагында кызматташуу маселеси көтөрүлүп, кытай тарап жогорку окуу жайларды ачуу менен бирге, кытайдан кыргыз жаштарын окутууга даяр экендиги айтылган. Экс-премьер-мининистр Амангелди Муралиев билим берүү тармагындагы кызматташууну колдоорун, бирок эки тараптуу мамилеге өлкөдөгү жогорку окуу жайлардагы коррупцияны жолотпоо керек, деп эсептейт.
- Кытай менен жакшы иштешиш керек. Мындайча айтканда кылдаттык менен иштеш керек. Ошон үчүн бизге келечекте Кытайдын саясатын, тарыхын, адабиятын, тилин жакшы билген мыкты адистер керек. Аларды даярдоо зарыл. Менин оюмча буга биздеги жогорку окуу жайларындагы коррупцияны жакындатышпаса жакшы болот эле,- деди Амангелди Муралиев.