Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:29

“ФАЛУНДАФА” АГЫМЫНАН КАНДАЙ КОРКУНУЧ БАР?


Адам укугун коргоочу айрым эл аралык уюмдар Кытайда “Фалундафа” деп аталган агымдын мүчөлөрүнө болгон куугунтук уланып жаткандыгына тынчсызданышууда. Алар аталган агымга кирген адамдардын дене мүчөлөрү башка адамдардын органдарын алмаштыруу үчүн колдонулуп келе жаткандыгын белгилешет. “Фалундафа” агымынын ишмердүүлүгүнө экстремисттик “Хизб-ут-Тахрир” партиясынын катарында Кыргызстанда да тыюу салынган.

“Фалундафа” же “Фалунгунь” агымынын ишмердүүлүгүнө Кытай бийлиги мамлекеттин Конституциялык түзүлүшүнө каршы саясаттарды жүргүзөт деген себеп менен 1999-жылы тыюу салган. “Жаңы Тан династиясы” телекомпаниясы жүргүзгөн иликтөөгө ылайык, ошондон тарта 70 млн. ашуун мүчөсү бар агымдын мүчөлөрү бийлик тарабынан куугунтукка алынып, түрмөлөргө жабыла баштаган. 2006-жылы 9-мартта “Улуу доор” басылмасына 2000-жылдан тарта Кытайда кишинин дене органын трансплантациялоо катуу өнүктү, буга дарыгерлер “Фалундафа” агымына кирген адамдардын органдарын колдоно башташты деген кабар жарыяланат. Буга байланыштуу “Фалундафа” агымынын чет мамлекеттердеги активисттери эл аралык адам укугун коргоочу уюмдарга кайрылышкан. БУУнун башкы ассамблеясынын Канадалык делегациясынын мүчөсү, адам укугун коргоочу Девид Мейтас Канаданын Азия жана Тынчокеан аймагы боюнча мурдагы мамлекеттик катчысы Девид Кильгур менен чогуу иликтөө жүргүзүп, аталган билдирүүдө чындык бар деген жыйынтыкка келишкен. Алар бул тууралуу 2006-жылы июль айында калктын кеңири катмарына жарыя кылышкан:

- Бардык күчүбүздү салып, биз болгон далилдерди иликтеп чыккан соң, бул билдирүү анык деген жыйынтыкка келдик. Дене мүчөлөрүн алуу чынында эле болуп жатат. Кытай статистикалык маалыматтарды жарыялабайт. Бирок иликтөө учурунда биз акыркы беш жыл ичинде эле Кытайда дене мүчөлөрүн көчүрүп коюу боюнча 41 500 операция болгондугун билдик, баарынын донорлору жашырылган,-деп билдирди укук коргоочу Девид Мейтас.

“Фалундафа” агымынын мүчөлөрү тирүүлөй кыйноого алынып жаткандыгы тууралуу маалыматтарды Кытай өкмөтү четке каккан. Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Цинь Ган чет элдик маалымат каражаттарын Кытайга келип, иликтөө жүргүзүүгө чакырган. “Жаңы Тан династиясы” телекомпаниясы кабарлагандай, бирок бул окуя боюнча иликтөө жүргүзүү максатында Кытай элчилигине кайрылган бардык журналисттерге жана адам укугун коргоочуларга өлкөгө кирүүгө уруксат берилген эмес.

“Фалундафа” агымынын ишмердүүлүгүнө Кыргызстанда да тыюу салынган. Аталган агым 2002-жылдан тарта коомчулукка каршы келген аракеттери үчүн
экстремисттик “Хизб-ут-Тахрир” партиясы, Муна бирикмесинин чиркөөсүнүн катарында ишмердүүлүк жүргүзүү укугунан ажыраган. Кыргызстандагы дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Тойгонбек Калматовдун “Азаттыкка” айтканы боюнча “Фалундафа” агымынын Кыргызстанга коркунучу жок, бирок Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы келишимдерге ылайык, аталган агымдын ишмердүүлүк кылуусуна тыюу салынган:

- Кыргызстанда туруп алып, Кытайдын мамлекеттик түзүлүшүнө коркунуч келтирген саясатты жасаганы да туура келбейт. Мына ошонун негизинде Бишкек шаарынын Ленин райондук соту адилет министрлигинин “Фалундафа” агымын каттоодон өткөргөнүн жокко чыгарган. Ошондон тартып, бул уюм тыюу салынган агым болуп эсептелет.

Тойгонбек Калматовдун маалыматы боюнча Кыргызстанда “Фалундафа” агымынын 15 чакты мүчөсү бар. Алардын бири Анара аттуу айым бул агым саясий, диний жана коммерциялык кызыкчылыкты көздөбөйт деп баса белгилейт. Анын айтуусунда “Фалундафа” менен машыккан адамдардын денсоолугу жакшырат, ошондуктан тыюу салынганына карабай, жыл өткөн сайын бул уюмга кирүүнү каалоочулардын саны көбөйүүдө:

- Чынын айтканда Кыргызстанда репрессиялоо, куугунтуктоо болгон жок. Мурдагыдай эле бактарда машыгып, адамдарга “Фалундафа” тууралуу айтып беребиз. Биз өзүбүздүн аң-сезимибизди жана ден-соолугубузду жакшыртабыз. “Фалундафа” эчкандай диний, саясий жана коммерциялык кызыкчылыкты көздөбөйт, - дейт “Фалундафа” агымынын мүчөсү Анара.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG