Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:41

ОРУС УЛУТЧУЛДАРЫ БИЙЛИК ТАЛАША БАШТАДЫБЫ?


Муса Мураталиев, Москва Өзүн Орусиянын улутчул-социалдык партиясынын (НСПР) өкүлдөрүбүз дегендер жекшемби күнү өңү оруска окшобогон эки жигитти кантип жок кылышканын тарткан тасманы интернет аркылуу таркаткан. Кечээ Майкоп шаарынан бир жогорку окуу жайынын студенти "тажикстандык жана дагстандык жигиттерди кантип мерт кылуу түшүрүлгөн тасмасын интернетке салган мен" деп айткан. РИА-«Новости» жазганга караганда ал милицияга өзү барып билдирүү жасаган жана тасманы электрондук почто менен белгисиз бирөөдөн алдым деген. Ал окуя боюнча эмдигиче кылмыш иши козголо элек. Иликтөөчүлөр болжолунда тасманын тартылышында шек бар, ал монтаждоо жолу менен даярдалганга окшош. Анализчилер босо ал сюжетте бери дегенде улуттарды кайраштыруу маани бар, ошондуктан ага Кылмыш кодексинин 282-беренесине таяп кылмыш ишин козгосо болмок дешет.

«Орусиялык тартип же уруш!» - деген мындай айкырыктар Маскөөнүн көчөлөрүндө көп кайталанган кез. Бирок анын тизгинин тарттырып коюну ылайык таппаган бийликти сындагандар «Кремль үчүн жаштарынын саал ээнбашыраак, улутчулураак болгону жагып атат» дешет. Канткенде да андай жаштардын саны артуунун үстүндө.

Маселен, адам укугун коргоо уюмунун Маскөөдөгү бүйрөсүнүн маалымдоосу боюнча, кийинки эки жыл ичинде Орусияда такырбаштар же улутчул жаштар эсеби 70 миңге жеткен. Алардын 2007-жылдын эле төрт айынын ичинде өңү бурууларга 80ден ашуун жолу кол салуусу катталган. Андан 25 киши көз жумуп, 80дей киши жарадар болгон.

Адам укугун коргоо уюмунун Маскөөдөгү бүйрөсүнүн жетекчиси Александр Брод айтканга караганда, андай жаштарга бийликтин кайдыгер мамилеси аларды ого бетер эсиртип атат. Ага кошумча «коом өзү өңү бурууларды жек көрүүнүн сазына баткандыктан улутчул жаштар кылмыштуу жоругун тымызын түрдө колдоого алган кез. А такырбаштар болсо өздөрүнүн талабы менен мүдөөсү коомга жагып атканын түшүнгөндө ого бетер күчтөнүшүүдө. Азыр улутчулдар катарда жок дегенге ишенбөө керек, алар кайра Орусиянын саясий турмушуна олуттуу таасир этүү алдында турат»,- дейт.

Ашынган улутчулдар ушул бойдон өнүгүшү өлкөгө кыйла бүлүк саларын анализчи Марк Урнов айтат:
«Эгерде бул чакырыктар дагы да эл арасынан колдоо тапса анда өлкөнүн өлүмү, таркай башташы дегендик»

Кеткен жылдын этегинде «РИА-«Новости» агенттигинин кабарчысы Наталья Горбунованын: «эмне себептен өлкөдө неофашисттер пайда болгонун моюнга алуудан качабыз?» - деген суроосуна орусиялык лидер Владимир Путин:

- Эгерде неонацизм көрүнүшү пайда болсо анда алар жасай турган кылмышты жазалай ала турган биздин Кылмыш кодексте чара бар,- деген.

The New York Times жазганга караганда, кийин өздөрүн «Орустар улуттук-социалисттик партия» жаатынанбыз дегендер, кишилерди курман чалуу каадасын токойдун ичинде фашисттик кең байрактын алдында өткөрүшкөн. Ал партия кийин интернет аркалуу орусиялык бийликке: «бардык кавказдыктар менен азиялыктарды Орусия жеринен сүрүп чыгаруу, кавказдык жумурияттарга төлүй эгемендүүлүк берүү, президент Владимир Путиндин кызматтан кетип, бийликти «Улуттук-социалдык коомунун» лидери Дмитрий Румянцовго берүү» талаптарын койгон деп жазат.

XS
SM
MD
LG