Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:23

ОРУС ГЕЗИТТЕРИ ШКУ САММИТИ ЖӨНҮНДӨ ЖАЗЫШУУДА


Төрөкул Дооров, Прага Шанхай кызматташтык уюмунун Бишкекте өтүп жаткан 7-саммити орусиялык гезиттердин бүгүнкү cанында “Күндүн башкы темасы” катары чагылдырылууда.

“Время новостей” гезитинин кабарчысы Аркадий Дубнов бул саммитке арналган бүгүнкү макаласында: “Бишкек саммитке даярданды” деп жөн гана айтып койгонго такыр болбой турганын, “Кыргызстандын баш калаасы Бишкек шаарын буга чейин билгендер, бүгүн шаарды тааныбай кала тургандыктарын” жазды. “Бүт жер тазаланып, ар кайсыл жерде алты мамлекеттин желектери желбиреп турат. Бишкек бул өңдүү жыйындарды көп өткөрө бербейт. Ошон үчүн ага өзгөчө маани беришти”,- деген “Время новостей”, кечээ кыргыз премьер-министри Алмазбек Атамбаев менен Кытай лидери Ху Цзиньтао ортосунда өткөн сүйлөшүүгө кайрылат. Дубновдун айтымында, Бейжин Кытайдан Кыргызстанга Өзбекстан аркылуу өтчү темир жолун курууну каржылаганга кепилдик берди. “Бул эле эмес, кытайлыктар эми “Түркмөнстандан Кытайга жөнөтүлчү газ куурун да Кыргызстан аркылуу жаткырсаңар” деген Алмазбек Атамбаевдин сунушу тууралуу “жакшылап ойлонуп көргөнгө сөз беришти”, - дейт А.Дубнов.

Ал эми саммиттин геосаясий орду тууралуу сүйлөп жатып, “Бишкекке келген чет-элдик журналисттердин килейген корпусу бүгүн Иран президенти Махмуд Ахмединежад эмне дээр экен деп күтүп турушат”,- дейт. Экинчи бир маселе – Түркмөнстандын мүчөлүгү. Бирок бул эки маселеде тең сенсация күтүштүн кереги жок”,- деп жыйынтык чыгарат Аркадий Дубнов. Анткени, анын ишениминде, Ахмединежад бүгүн анчалык деле кескин билдирүүлөрдү жасабайт, ал эми Түркмөнстанды мүчөлүккө алуу да бүгүн чечиле турган маселелерден эмес.

Ал эми “Коммерсант” басылмасы болсо бүгүнкү макаласында: “Шанхай уюму геосаясатта бүгүнкүдөй салмактуу орунга ээ болушуна, эң оболу, президент Владимир Путиндин салымы чоң” деп жазды да, “Путин үчүн бул саммит, балким, акыркысы болуп калат. Ошондуктан, ал бүгүн өз сөзүндө Шанхай уюмунда жасаган ишине жыйынтык чыгарат”, - деди.

“Коммерсанттын” ишениминде, соңку бир топ жыл бою бул уюмдун мүчөлөрү: “Биз эч кандай үчүнчү тарапка каршы багытталган уюм эмеспиз”,- деп кайталап келишкени менен, бүгүн аны “Борбор Азия регионунда АКШ менен НАТОнун улам өсүп бараткан таасирине каршы тура ала турган аскерий-саясий блок деп атаганга болот”. Анткени 2005-жылкы Астана саммити учурунда эле бул уюм Вашингтонду региондогу аскерий базасын качан чыгара турганын так айтышы керек деп, бурчка такаган эле. “Ал эми бүгүнкү саммитте бул талапты эми расмий Бишкек өзү коюшу ыктымал”,- деген “Коммерсант” гезити, өзүнүн маалымат булактарына таянып, “Муну Бишкектен Москва менен Бейжин талап кылып жатыптыр” деп жазды. “Ошентип,- дейт гезит, - бүгүнкү саммиттин күн тартибин дээрлик толугу менен Орусия түзөт. Бүгүн кечинде, саммиттин аягында, Владимир Путин өзүнүн кесиптештерин чогултуп, Орусияда өтүп жаткан аскерий машыгууларга алып кетет. Шанхай уюмунун машыгуулары Анжиян окуяларынын мотивинде ойлонулган”,- деп макаласын жыйынтыктады басылма.

“Коммерсант” дагы бир макаласын “Кыргызстан Кытай газ кууруна кошулат” деп атады. Анда кечээ кыргыз премьер-министри менен Кытай лидери сүйлөшкөн газ кууру тууралуу сөз болуп, “Дал ушул газ кууру, балким, Кытайдын Борбор Азиядагы таасирин күчөтүш үчүн Бейжинге жакшы мүмкүнчүлүк берет” деди. Анткени “Навада Түркмөнстан газы Кыргызстан аркылуу өтүп кала турган болсо, ал Фергана өрөөнүнөн кетет. Ал жерди кытайлар, адатта, региондогу туруксуздуктун, терроризмдин очогу деп билишет. “Демек, ал жерде коопсуздукту камсыз кылыш үчүн Бишкек менен биргелешкен аракеттерди көрөбүз деген шылтоо менен Кытай аймактагы аракеттерин күчөтөт” деп жазды гезит.

“Независимая газета” да бүгүнкү макаласында “Борбор Азияда Кытайдын таасири күчөп баратканын бул жолку саммит көрсөтөт” деп жазды. Гезит Москвадагы Карнеги корунун эксперти Алексей Малашенконун пикирин келтирет. Малашенко: “Бишкекте, чын-чынында, негизги эки позиция беттешет, булар – Орусия менен Кытайдын позициялары. Орусия уюмдун аскерий-саясий жана стратегиялык аспектилерин, терроризмге каршы күрөштү жана саясий консолидацияны алдыңкы планга чыгарып, “ШКУну саясатташтырганга” аракет кылса, Кытай Борбор Азияга, мурдагыдай эле, экономикалык кызыкчылыктары аркылуу киргенге аракет жасайт”, - деп айтты.

XS
SM
MD
LG