БИШКЕК. Президенттердин кеңири жыйынынан кийин ырасмий документтерге кол коюу иш-чарасы башталды. Атап айтканда, эларалык коопсуздукту камсыз кылуу, ШКУнун секретариатынын өткөн жылдагы иши, уюмдун антитеррордук борборунун өткөн жылдагы иши жана ШКУга кирген мамлекеттердин маданият тармагында кызматташуусу, банк ишмердүүлүгү тармагында алакалар тууралуу келишимдерге жана макулдашууларга кол коюлду. Алты президент ошондой эле Шанхай кызматташтык уюмунун Бишкек саммитинин декларациясына, Бишкек саммитинин коммуньюкесине да кол коюшту.(КО)