Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:07

ШКУнун БИШКЕК САММИТИ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ


Шанхай кызматташтык уюмунун Бишкекте өтүп жаткан кезектеги саммити жыйынтыкталды. Президенттердин кеңири жыйынынан кийин ырасмий документтерге кол коюу иш-чарасы болду. Атап айтканда, эларалык коопсуздукту камсыз кылуу, ШКУнун секретариатынын өткөн жылдагы иши, уюмдун антитеррордук борборунун өткөн жылдагы иши жана ШКУга кирген мамлекеттердин маданият тармагында кызматташуусу, банк ишмердүүлүгү тармагында алакалар тууралуу келишимдерге жана макулдашууларга кол коюлду. Алты президент ошондой эле Шанхай кызматташтык уюмунун Бишкек саммитинин декларациясына да кол коюшту. Саммиттин алкагында жалпысынан 10 документке кол коюлду. Алардын эң негизгиси «Узак мөөнөттүү достук жана кызматташтык жөнүндөгү» келишим болду.



Документтерге кол коюу аземи аяктагандан кийин, ШКУга мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчылары маалымат жыйынын өткөрүштү. Алар ШКУнун мааниси, бүгүнкү кол коюлган документтердин ролу тууралуу ойлорун айтышты. Өзбекстандын президенти Ислам Каримов кесиптештерин сөздөн ишке өтүүгө чакырды. Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев бүгүнтөн тарта ШКУга төрагалык кылуу Тажикстанга өтөрүн жарыя кылды. Ошондой эле анын айтуусунда 2009-жылы ШКУ саммити Орусиянын Екатеринбург шаарында өтөт.

XS
SM
MD
LG