Тайып Эрдоган өз партиясынын мүчөсү, президенттикке талапкер Тышкы иштер министри Абдуллах Гүлдү көкөлөтө мактап: «Өкмөттөгү кызматын кошуп буга чейин далай маанилүү кызматтарды аткарган Тышкы иштер министри Абдуллах Гүл президенттик орун үчүн эң идеалдуу талапкер»,- деди.
"Майдандарга чыккан калкыбыздын ага көрсөткөн колдоосу абдан маанилүү. Абдуллах Гүл өзү менен сөзү ажырымсыз киши экенин, ниети ак экендигин эч ким тана албайт",- деген премьер-министр, апрель айында, «Түркиянын президенти жумурияттын баштапкы принциптерине сөз жүзүндө эмес, чын дилинен ишенген киши болушу керек»,- деп айткан Түркия армиясынын штаб төрагасы генерал Яшар Бүйүканттын дарегине жооп кылгысы келгендей болду.
- Абдуллах Гүл шайланып калган абалда, өзүнө колдоо көрсөткөндөр менен бирге каршы чыккандарга да кучак жая турганын, бейтараптык принцибинин чегинде өлкө жарандарынын бардыгына калыс болорунан эч ким шек санабасын,- деп ишендирген өкмөт башчы Эрдоган, Абдуллах Гүлдүн көз карашын четке каккан жана президенттик орунга шайланып калган учурда ага каршы бойкот жасай турганын жарыялаган Жумурият калк партиясынын да катуу сынга алды.
Президенттин аялынын жоолукчан болушу мамлекеттик банкет учурларында чоң чатакты пайда кылары тууралуу айтылып жаткан сөздөргө токтолуп Эрдоган:
- Бул өлкөдө эркиндик бар. Ой жүгүртүү, динге ишенип-ишенбөө, билим алуу жана ишкердикке умтулуу укуктары башкы мыйзамда кепилдикке алынган. Эч ким бир айымдын же мырзанын кийим-кечегине аралаша албайт. Ар бир айымдын өзүнүн тандоосу болот жана ага ар ким урмат көрсөтүшү абзел. Бир аял башы ачык жүрөм десе, башка бир аял жоолукчан жүрөм дешке акысы бар. Жумуриятыбыздын биринчи президенти Мустафа Кемал Ататүрктүн аялына, апасына карагылачы. Эгер өрнөк алам десеңер Ататүрктүн аялын карагыла, ал сиздерге өрнөк болот,- деп айтты.
Ошондой эле ал: «Парламенттин спикерин шайлоо кезинде биз колдонгон усулду бардык чөйрөлөр колдоп чыгышты. Эми президентти шайлоо жараянында дагы дал ошол усулду колдонуп жатабыз. Бирин чакырып, экинчиси четке кагуу дегенди түшүнүү кыйын»,- деди.
Ал арада президенттик орунга талапкер Тышкы иштер министри Абдуллах Гүл бейөкмөт уюмдардын жетекчилери менен жолугушуу марафонун улатты. Эң күчтүү колдоону ага Түркия соода палатасы менен Биржалар бирикмесинин төрагасы Рифат Хисаржыклыоглу көрсөттү.