Түркстан генерал-губернатордугу 1916-жылдын бул күнү козголоң чыгарган кыргыздардын мал-жандыктары туурасында буйрук чыгарган. Буйрукка ылайык козголоң чыгарган кыргыздардын малы тартылып алынган убакта гана, ал согуштук олжо категориясына киргизилген жана казна менчигине өткөрүлгөн. Мындан тышкары бийлик, керт башын сактап калуу үчүн бир жерден, экинчи жерге качкандардын мал-мүлкүн коргоо чараларын да караштырган.
Мындан 90 жыл мурун, 1916-жылы Пишпек шаардык окуу-китепканасы ачылган. Китепкана ачуу демилгесин мугалим И. М. Глебов, фельдшер И. А. Якушев, шаардык буржуй И. А. Моргуновдор көтөрүшкөн.
Жетисуу областтык кеңешинин III съезди 1919-жылдын 17-августунда ишин баштады. Кыргыз обком РКП (б)нын кезексиз чакырылган III пленуму 1925-жылдын 17-августунда өткөрүлдү. Пленумда «отузчулардын» партия ишине каршы жасаган ишмердиги айыпталды.
Бүткүл кыргыз мугалимдеринин I съезди 1937-жылдын 17-августунда ишин аяктады. Мугалимдердин жыйыны Фрунзе шаарында өткөрүлүп, ага республиканын булуң-бурчтарынан чогулган билим берүү тармагында эмгектенген алдыңкы мугалимдер жана эмгек ветерандары катышкан. Мугалимдер жыйынында бардык мектептерде мекенди коргоо жана диний таасирлерге каршы кружокторду куруу чечими бир добуштан кабыл алынган. Мындан тышкары, алдыңкы мугалимдер сабатсыз балдарды кошумча окутуу туурасында милдеттенме беришкен.
Кыргыз ССР КП (б) БКсы менен Элдик комиссарлар кеңеши биргелешип 1937-жылдын 17-августунда сабатсыздыкты жою туурасында Токтом кабыл алышкан. Токтомдо чукул арада 200 миң кат тааныбаган адамдарды окутуу иши каралып, «сабатсыздык сыяктуу абийирсиз көрүнүшкө чыдоого болбойт» деген чакырык ташталган.
Айтылуу өкүмдар Тимур 1398-жылдын 17-августунда Алтын Ордо өлкөсүнүн башчысы Тимур Огландын элчисин кабыл алган.
Бу күнү, 1601-жылы француз математиги Пьер Ферма, 1911-жылы шахмат боюнча алтынчы дүйнө чемпиону Михаил Ботвинник жарык дүйнөгө келген.