Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:05

ИРАН ЖАШТАРЫНЫН ТУРМУШУ ЖӨНҮНДӨГҮ ЫР БИЙЛИКТИ СЫНГА АЛУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Ирандыктар арасында азыр - өкмөт саясатын сынга алган ыр жана ага негизделип тартылган видеоклип кеңири тарап баратат. Динаятчылар башкарган Иранда - батыш киймин кийип, жүрүм-туруму баштышча болгондор куугунтукталат жана "Калпты токтотолу" деп аталган бул жаштар ырында андай аракеттер ашкереленет.

Батыш киймин кийип же чачын жаппай жүргөн кыз-келиндерди Иранда кайсы жерде жана качан болбосун полиция токтотуп, эскертүү жасап же кармап да кетиши мүмкүн. Бийликтин пикиринде, аны менен коом арасындагы Батыш маданиятынын таасири кыскартылып, Ирандын өз алдынча өнүгүшү камсыз кылынууга тийиш, бирок ирандык жаштар аны менен макул эмес.

Ырды - "Махур" деп аталган кыздар тобу ырдайт, алар ачык концерт бербейт, ошондуктан ырчылар жөнүндө маалымат аз. Ал ырга негизделген видеоклипкти болсо - Лос-Анжелес шаарында жашаган Мани Түркзаде деген ирандык жигит компьютерде жасаган жана анын айтымында, ырды жазган адам ким болсо да, ал жогору урмат-сыйга татыйт:

"Ырды угаарым менен мен - анын негизинде орчундуу бир нерсе жасаса болот экен деп дароо ойлодум, анткени ыр - Иранда чынында болуп жаткан окуялар жөнүндө. Ырды ким чыгарса дагы, кыйын адам экен, анткени ал - адамдардын көңүлүндөгү нерселер жөнүндө айтып жатат", - дейт Түркзаде.

Ырдын өзүн ал компьютер аркылуу алган жана видеоклипти жасагандан кийин аны копьютер аркылуу көргөндөрдүн саны азыр дүйнөдө 100 миңге жетип калды. Бирок Ирандын өзүндө аны канча адам ачып, көргөнү жөнүндө маалымат жок.

Ырдын текстинде - тиги жаман, бул жакшы, тиги кийимди кийгиле, муну кийгенге болбойт деген көрсөтмө бизге берилип жатат, бирок жаштардын турмушуна антип кийлигишүүнүн кереги жок деп ырдалат: "Байыркы замандын тартиптерин орнотуу жакшы дейсиңер. Бирок азыр - Иранда эмнени баалулук деп эсептеш керек экенин үйрөтө тургандай заман эмес", - деп ырдайт "Махур".

Иран бийлиги аларга окшош башка ушу сыяктуу музыка ойногондорду кармап-камаган учурлар көп, бирок "Махур" тобуна кимдер киргени, алар ырларын кайсы жерде жаздырганы азырынча белгисиз. Аларды таап-кармоо бир кыйла кыйын маселеге айланганынын дагы бир себеби бар. Аталган ырдын ичине авторлор президент Махмуд Ахмадинежаддын сыналгы аркылуу сүйлөгөн сөздөрүн дагы кошуп алган: "Кайсы бир кыз-келиндер кийинген кийим биздин мамлекеттин учурдагы чыныгы маселесиби? Мамлекет менен биздин эл азыр ушул иш жөнүндө ойлонуш керек болуп калдыбы?" - деп сүйлөйт президент ырда. Ырдын ичинде - көчөдө "туура эмес" кийинип жүргөн аялдар менен полиция урушуп жатканы жана кармалып кетип бараткан аялдын үнү дагы киргизилген.

Клиптин автору Түркзаденин айтымында, ал азыр өтө көп кат алууда жана ага жазган адамдын баары - бул ырда карапайым ирандыктардын күнүмдүк турмушуна кийлигишип, аны бузган чыныгы маселе көтөрүлгөнү жөнүндө айтышат. Түркзаденин пикиринде болсо, ыр өзү болбогондо, ал видеоклипти дагы жасай албайт болчу.

XS
SM
MD
LG