Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:34

ГРУЗИЯ ОРУСИЯНЫ АСКЕРИЙ БЕЙБАШТЫГЫ ҮЧҮН АЙЫПТООДО


Көзкарандысыз аскерий эксперттерден турган эларалык комиссия 6-августа орусиялык учак Грузиянын аба мейкиндигине кирип, ракетадан атканын тастыктады. Грузия эми бул окуя боюнча Улуттар уюмунун коопсуздук кеңеши атайын жыйын өткөрүүсүн талап кылууда. Орусия башынан эле анын учактары 6-августа Грузиянын аба мейкиндигин бузбаганын айтып келет. Аскерий чатакты иликтөө үчүн Орусиялык адистердин тобу бейшемби күнү Грузияга келди.

6-августа орусиялык аскерий учак Грузиянын территориясына радарлык станцияларга көрүнбөгөн “КН-58” ракетасын аткан. Грузиянын куралдуу күчтөрүндө “берегидей ракета же аны ата алчу учагы жок”. Чатакты иликтеген эларалык комиссия ушундай бүтүмгө келди. Бул комиссиянын курамына АКШнын, Швециянын, Латвиянын жана Литванын аскерий эксперттери кирген. Анын ишине грузиялык адистер катышкан жок. Ырасмий Москванын ырасташынча, 6-август күнү орусиялык учактар бул аймакта аба көтөрүлгөн эмес.

Талаштуу окуяны иликтөөгө орусиялык адистер чакырылган эмес. Ошон үчүн Тбилисиге бейшемби күнү келген орусиялык адистер өз алдынча иликтөө өткөрөт. Бул жөнүндө Грузиянын тышкы иштер министри Гела Бежуашвили 16- августа өкмөттүн жыйынында билдирди:

- Орусиянын суранычы боюнча эки жактуу сүйлөшүүлөр өтөт. Биз бүгүн бизде болгон далилдерди орусиялык бийик даражалуу эксперттер тобуна көрсөтүп, алардын пикирин угабыз. Алар жооп берчү суроолор көп.

Грузиянын ички иштер министри Вано Мерабашвили Цителубани кыштагына жакын жерге түшкөн ракета атайын жардырылып, жок кылынган деген маалымат каражаттарындагы кабарды төгүнгө чыгарды. Ракета 30 метр жердеги үйлөргө коркунуч туудургандыктан, анын дүрмөтү гана жардырылып, калган бөлүктөрү эксперттерге толук тапшырылган деп түшүндүрдү министр.

Өлкөнүн БУУдагы элчиси Ираклий Алсания 15- августа Башкатчы Пан Ги Мунга эларалык эксперттердин иликтөөсүнүн текстин тапшырган. Тышкы иштер министри Бежушвилинин сөзүнө караганда, Алсания Пан Ги Мунду чатактуу окуяны Коопсуздук Кеңешинде кылдат кароого чакырган:

- Бүгүн Улуттар Уюмунда да консультация болот. Биздин талабыбыз боюнча Тынчтыкты орнотуу комиссиясы БУУнун Коопсуздук кеңешине инцидент жөнүндө маалымат берет. Эларалык эксперттердин доклады, ошондой эле Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму 6- августагы окуя боюнча кийинки күнү жасаган билдирүү БУУга тапшырылган. Менин оюмча, эларалык коомчулук 6- августан бери биз айтып жүргөн бардык фактылар менен далилдер менен толук таанышып чыкты.

Грузия ошондой эле БУУнун Коопсуздук кеңеши март айындагы орусиялык үч тикучактын Кодори капчыгайын аткылоосун да атайын жыйында талкуулоосун талап кылууда.

XS
SM
MD
LG