- Ушул тапта Ирак өкмөтүнүн министрлер кабинетинин жарымы бош калды. Нури ал-Малики болсо жакын арада саясий лидерлер менен жыйын өткөргөнү жатат, ал иш-чара кандай жыйынтык берет деп ойлойсуз?
- Өкмөттөгү кризис – бул саясий майдандагы оюнчулардын оюну. Алар ишке жарамсыз, араң жан өкмөттүн болушун каалап жаткандай сезилет. Башкача айтканда кризисти чечүүгө эч кандай кызыкчылык жок, анткени ошол өкмөттүн жакшы иштешине кызыкдар болгондор жок.
- Сиз Нури ал-Маликиден башкалар тууралуу айтып жатсаңыз керек?
- Мен премьер-министр ал-Малики деле кризистен чыгууга өтө кызыкдар дей албайм. Анткени анын жакшы иштеген өкмөт үчүн жан далбас уруп жатканы байкалган жок. Ал-Малики болобу же башка саясий лидерлер болобу, алардын бири да бардык диндерди бириктире алган эффективдүү бийликтин болушун көздөшпөйт деле.
- Эгер андай болсо, анда Ирактагы саясий лидерлер эмнеге кызыкдар, алар эмнени көздөшүүдө?
- Адамдар мыкты иштеген борбордук бийликтин көзөмөлүндө болууну эмес, өкмөттөн тыш болууну каалашат. Андыктан өкмөттүн ресурстарын өз кызыкчылыктарында пайдаланууну көксөшүүдө.
- Айтсаңыз ал-Малики канчалык саясий жактан күчтүү. Эгерде ал өлкөдөгү саясий кризистен чыгууда ийгиликке жете албаса, АКШ аны мындан ары колдойбу?
- АКШ күчтүү борбордук бийликтин болушун каалайт. Ал эми ал-Малики алар үчүн анчалык деле маанилүү эмес. Бул жерде маселе адамдарда эмес, проблема жалпы системада. Ал-Маликинин ордуна башка адам келген күндө деле учурдагы проблемалар жоголбойт, анткени эч ким кубаттуу өкмөттүн болушун каалабайт. Ал эми бул - өлкөдөгү сектанттык жана башка ар кыл топторго каршы тура алган борбордук бийликтин болушун каалаган АКШ үчүн олуттуу проблемага айланганы турат.
- Ал эми сиз ал-Маликинин саясий келечегин кандай көрөсүз?
- Менимче ал араң жан өкмөттү башкарып, өз кызматында кала берет, анткени бул саясий тараптардын кызыкчылыгына ылайыктуу. Ал эми АКШ дагы өз учурунда министрлер кабинетине биримдикти орнотууга аракет кылган Маликини мындан ары бийликте калышын каалашат. Бирок анын аракеттери көзгө көрүнөөрлүк ийгиликке жетишээри күмөн.
- Акыркы суроом, алдыда боло турган Нури ал-Малики менен саясий лидерлердин жыйынында кандайдыр бир олуттуу чечимдер кабыл алынабы?
- Балким бийликти бөлүштүрүүдө кандайдыр бир келишим кабыл алынаттыр, бирок баары бир өкмөттөгү чоң түйүнгө айланган кризис чечилээрине көп ишенбейм. Дегеле кандай гана келишим кабыл алынбасын, жакын арада ал өкмөттүн мыкты иштей баштоосуна өбөлгө боло албайт. Анткени адамдар өздөрү муну каалашпайт.