Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:09

А.ЖЕКШЕНКУЛОВ: САММИТТЕ БИЗ ТАРАПТАН ЖАКШЫ ДЕМИЛГЕЛЕР КӨТӨРҮЛБӨДҮ


Бишкек алгачкы ирет ШКУ саммитинин алкагында жогорку деңгээлдеги жолугушууну өткөрдү. Ага Кыргызстан көп убакыт бою даярданган эле. Ошол даярдык иштердин учурунда мүчө мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана башка толгон-токой иштердин аткарылышына Кыргызстандын мурдагы Тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловдун да салымы чоң болду. Анткени анын министрлик мезгили дал ушул саммитке даярдык учуруна туш келген. Экс-министр “Азаттыктын” саммитке байланыштуу айрым суроолоруна жооп берди.

- Эң оболу кечээ өткөн саммиттин протоколдук бөлүгүндөгү маселелерге токтолсоңуз. Жогорку деңгээлдеги адамдарды тосуп алуунун өзүнүн эреже тартиби болот эмеспи. Ирандын президенти протоколдогу түшүнбөстүктөрдүн айынан парламенттин төрагасы Марат Султанов менен бет маңдай отуруудан баш тартып, ал жолугушуу бир күн кечигип өттү. Адатта мындай учурлар алдын-ала макулдашылса керек. Эмне үчүн ушундай окуя болду деп ойлойсуз?

- Бул жерде протоколдук маселелер боюнча бир күн эмес бир ай мурун макулдашат. Мен дагы түшүнбөй калдым, же биздин, же Ирандын протоколунан кеттиби. Бул жерде катышкандардан сурасаңар алар так айтып бермек.

- Ушул протоколдук кемчиликтерден сырткары жалпы эле саммит кандай өттү деп ойлойсуз. Кыргызстан алгачкы ирет ушундай деңгээлде жолугушуу өткөрүп атпайбы. Кыргызстан үчүн ушундай саммиттен сабак ала турган нерселер болдубу?

- Мен телевизордон көрдүм, ошон үчүн мен толук айта албайм. Бирок президенттер кол коёрдун астында силер байкадыңар го, узак мөөнөткө созулуп кетпедиби. Ушул маселени мурунураак алгачкы чараларды көрсө болмок. Мисалы, өзүңөр билесиңер көп документке кол коюу астында бир-эки күн мурун президенттер кол коюп, аягында бир эле кол коюлат. Ушундай маселелер менин оюмча көп болду.

- Буга чейин айрым эксперттер бул жолку саммиттен эч кандай деле сенсация күтүүнүн кажети жок деп болжошкон эле. Ошондой эле болду деп ойлойсузбу, же сизди таңкалтырган нерселер да болдубу?

- Таңкалтырган нерсе болгон жок. Менин оюмча кыргыз тарабынан жакшы демилгелер болгон жок. Бул жерде Кыргызстандын дипломаттары, президент сүйлөгөндө жакшы демилгелерди чыгара алган жок, бул биринчи. Экинчиден, жаңы этап болду. Мына жетинчи саммити болгондон кийин, мен эки саммитке катышкам, экөөндө тең бардыгы жакшы, бардыгы сонун деп эле, өзгөчө коопсуздук маселелерди карап эле ошону менен тынчыган. Бул жерде болсо жаңы этап башталды. Мына өзүңөр уктуңар, Ислам Каримовдун же Тажикстандын президенти сүйлөгөн сөздөрүндө көп маселелер көтөрүлдү. Менин оюмча бул жакшы. Анткени проблема көтөрүлбөсө алар күчөй берет да. Муну Кыргызстан пайдаланып, келечектеги ШКУнун өнүгүшүнө жакшы таасир берет.

- Аликбек мырза, сиз азыр айтып атасыз, Кыргызстан дипломаттары тарабынан жакшы ойлор көтөрүлгөн жок деп. Кандай маселелерди Кыргызстан бул жолку саммитте талкууга койсо болмок?

- Билесиңер, биздин экономикалык коопсуздукка биздин тышкы карыз абдан чоң таасир этет эмеспи. Бүгүнкү жалпы Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө да, социалдык маселелерге дагы, керек болсо коопсуздукка да чоң таасир этет. Ушул маселени көтөрсө болмок. Андан тышкары суу маселесинде дагы биз өзүбүздүн позициябызды так айтып алсак болмок. Бакыт Бешимов сиздерге айтпадыбы. Менин оюмча ушул эки орчундуу маселе биздин келечегибизге чоң таасир эте турган. Андан тышкары инвестиция маселеси боюнча дагы жалпы айтылып калды. Менин оюмча бул жерде дагы тактап, кайсы тармакта бүгүнкү күндө ШКУ уюмунун мүчөлөрүнүн жардамы керек деп айтылса болмок. Ал эми Кытай Республикасынын жетекчиси Ху Цзиньтао мырза, чогуу өнүгүү деген сөздү эки жолу айтпадыбы. Ушул абдан жакшы жөрөлгө менин оюмча. Бул жерде бай мамлекеттер дагы болуп атпайбы. Биз экономикалык жактан кыйналып аткан себептерибизден чогуу өнүгүү деген жаңы мамиле болгондон кийин, бул дагы абдан жакшы маселе болду.

- Маегиңизге чоң ырахмат.

XS
SM
MD
LG