Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:18

ООГАНСТАНДА ТЕРРОРЧУЛАРГА КАРШЫ ИРИ АСКЕРИЙ ОПЕРАЦИЯ ЖҮРҮП ЖАТАТ


Нарын АЙЫП, Прага Ооганстандын чыгышындагы Тора-Бора деген тоолуу аймакта төрт күндөн бери террорчуларга каршы аскерий операция өтүп жатат, элүүгө жакын лашкер өлтүрүлдү деп кабарланууда. Ооганстандын мурдагы премьер-министри Гүлбеддин Хекматиардын айтымында, өкмөткө каршы согушкандар негизинен Ооганстандын өзүнүн аймагында жашынууда.

Ооганстандын чыгышындагы Нангархар деген провинциядагы Тора-Бора деген тоолуу аймакта 14-августта террорчуларга каршы ири аскерий операция башталды, ага бир нече жүз адам, аскерий учактар жана артиллерия дагы катышууда. Провинциянын губернатору Мохаммад Али 16-августта "Бахтар" маалымат агенттигине билдиргенге караганда, үч күндүн ичинде элүүгө жакын лашкер өлтүрүлдү жана дагы кыркка жакын согушкер азыр курчоодо калды.

Анткен менен карапайым тургундар арасында дагы набыт кеткендер бар экени жөнүндө айтылууда: "Тора-Борадагы операция шейшембиден бери жүрүп жатат. Чет өлкөлүк аскерлер келди жана аймакты бомбалай баштады. Карапайым адамдар дагы курман болуп жатат. Калк азыр Талибандан дагы, америкалыктардан дагы коркот", - дейт жергиликтүү тургун Мир Дад.

Пакистандын чек арасындагы Тора-Бора аймагында көптөгөн үңкүр бар, алардын айрымдары 1980-жылдарда кол менен казылган - Сауд Арабиядан келген Усама бин Ладен ал кезде советтик аскерлерге каршы согушкан жана үңкүрлөрдү анын кол алдындагы согушкерлер ошол мезгилде казган.

2001-жылдын 11-сентябрында АКШга каршы көрүлгөн ири террор аракеттерин бин Ладен уюштурган деп айтылууда жана ал кезде Ооганстанды бийлеген Талибан кыймылы аны кармап берүүдөн баш тартканда, АКШ 2001-жылдын октябрында талибдерге каршы согуш баштаган. Бин Ладен өзүнүн жакындары менен Тора-Борага качкан, америкалык аскерлер ага каршы декабрда атайын операция жүргүзгөн, бирок аны кармай албай калган. Кийинки маалыматтарга караганда, ал кошуна Пакистандын аймагына өтүп кеткен жана азыр чек арадагы тоолор арасында жашынууда.

Пакистандын "Жео-ТВ" деген жеке менчик сыналгысы болсо 16-августта Ооганстандын мурдагы премьер-министри Гүлбеддин Хекматиар менен мындан үч апта мурда жазылып алынган интервьюну көрсөттү. Хекматиар азыр америкалык аскерлерге каршы согушууда жана анын айтымында, 2001-жылдын декабрында америкалык чабуулдан бин Ладенди анын жоокерлери сактап калган, бирок ал азыр кайда экенин Хекматиар билбейт. Анын билдиргенине караганда, ооган өкмөтүнө жана чет өлкөлүк аскерлерге каршы согушкан адамдардын баары азыр Ооганстандын өзүнүн аймагында.

Америкалык "Си-эн-эн" сыналгысы болсо 23-августта - бин Ладен жөнүндө тартылган даректүү тасманы көрсөтүүгө даярданууда. Телеканалга интьервью берген эксперттердин пикиринде, бин Ладен азыр Пакистандын аймагында жашынууда, америкалык аскерлер болсо ага каршы өз алдынча аракет уюштура албайт, Пакистандын жетекчилигинин билдиргенине караганда болсо, террорчуларга каршы ал бардык мүмкүн болгон чараларды көрүүдө жана чек арадагы аймакка 60 миңге жакын өкмөттүк аскер жиберген.

Натыйжада америкалык аскерлер азыр кошуна Ооганстандын аймагында аскерий операция жүргүзүп жатат. Акыркы күндөрдө Талибандын калдыктары жана башка террорчулардын аракеттери бир кыйла күчөдү. 19-июлда барымтага алынган 23 түштүк кореялык жарандын он тогузу дагы эле туткунда, 15-августта үч немис аскери курман болду, 17-августта болсо Зераи деген аймактын администрация башчысы эки уулу менен кошо өлтүрүлүп кетти.

XS
SM
MD
LG