Али, Багдаддын тургуну. Албетте ал дүйнөдөгү бардык адамдар сыяктуу эле бактылуу болууну самайт. Бирок ушул тапта бейстабилдүү Иракта бакыт-таалай табуу дээрлик мүмкүн эмес дейт Али:
- Бакыт Ирак калкынын колунан учуп кетти. Мен өлкөнүн ар бир тургуну бактылуу деп айта албайм. Эгерде өлкөдө туруктуулук болуп, адамдын башкы керектөөлөрү канааттандырылса гана адам бактылуу боло алат го. Мисалы жөнөкөй эле жарык менен суу кол астында болсо-бул да бакыт. Тилекке каршы көптөрдө ал да жок.
Анвар дагы Багдаддын жашоочусу. Бул калаада ал 40 жылдан бери жашайт. Анын айтымында согуштан улам өлкө экономикасы аксап, анын кирешеси учурда 6 гана долларды түзөт. Учурда ал үйбүлөсүн жакырчылыктын сазынан чыгара албай жатканын кейиштүү түр менен айтат:
- Тилекке каршы узак убакыттан бери мен өзүмдү бактылуу сезе элекмин. Мисалы оор жумуштан кийин үйгө барсам, үйдө жада калса электр жарыгы жок. Ал эми газ, телефон тууралуу айтпай эле койсом болот. Бул аймактагы бардык үйлөрдө ушундай көрүнүш. Мен эртеден кечке чейин 7 000 динар үчүн жан үрөп иштейм (бул орто эсеп менен 6 доллар) андыктан мен кембагал адаммын. Мисалы менин уулум биринчи классты аяктаганда мен ага белек сатып бергенге дагы чамам жеткен жок.
Кийинки биздин каарман 30 жаштагы Хусейндин жашоо-турмушу жогорудагы замандаштарына караганда бир аз жакшыраак десе болот. Анын айтымында өлкөдөгү туруксуз абал адамдардын турмушун болуп көрбөгөндөй өзгөрттү:
- Мисалы мектеп окуучулары жогорку билим алуу мүмкүнчүлүгүнөн кур -калышты. Анткени террористер жогорку окуу жайда жардыруу уюштураарын баары билишет. Биз учурда Иракта бактылуу жашоо орнойт деген үмүт менен эле жашап жатабыз.
Адам баласынын жашоосундагы эң кубанычтуу окуя, үйлөнүү үлпөтү же башка тойлор дагы кол салуу коркунучунан улам токтоп калды дейт Хуссейни:
- Керек болсо тууган-урукка, кошуна-колоңдорго, жаштарга бакыт тартуулаган үйлөнүү үлпөт тойлору да дээрлик болбой калган. Эл чогула калcа эле бомба же мина жарылып атса, кайдагы той?
Өткөн айда Ирактын футбол командасынын Азия кубогун жеңип алышы кайгылуу жашоого кубаныч жана бакыт тартуулаган.
Утушка ээ болгон топто касташкан шиилер, суннилер жана күрддөрдүн өкүлдөрү бирге ойноп, топ жеңишке жеткен. Мунун өзү элдер арасында биримдик жана ынтымакка болгон үмүттү жандандырган. Бирок кубаныч жана сүйүнүч сезимдери кайра эле ый менен коштолуп, майрамдоо учурунда жардырылган бомбадан 50дөй киши набыт кеткен.
БУУнун маалыматы боюнча 2003-жылдан тарта тынч жашоо издеп, өлкөдөн 2 миллионго жакын адам көчүп кеткен. Атын атагысы келбеген Багдаддын тургуну мекенин таштап башка өлкөлөрдө жашап жаткандар деле бактылуу эмес экенин айтат:
- Туруктуулук менен тынчтыкты издеп өз үйүн таштап кеткендер деле баарыбир бактысыз. Алар бакыт таба алган күндө деле, ал сезим толук боло албайт. Анткени алар мекенинен, жакындарынан алыс жашоого мажбур.