Орусиянын түштүгүндөгү Майкоп шаарынын тургуну Виктор Мильков Тажикстан менен Дагестандан келген эки жигит башы кесилип кантип өлтүрүлгөнү жазылган видеону 12-августта интернетке өз колу менен салганын мойнуна алды. Ал азыр камакта, бирок эксперттер арасында андан бери - ким кааласа интернетке ушундай видеолорду же башка опурталдуу маалыматтарды эркин сала бергени канчалык мыйзамдуу жана бул тармакта кандай чектөө аракеттери көрүлүүгө тийиш деген кызуу талкуу башталды.
Айрым саясатчылар - интернет аркылуу маалымат таратуу толук эркин болбош керек жана өкмөт бул тармакты өз көзөмөлүнө алууга тийиш деп айтууда, башкалар болсо аны цензура деп баалап, маалымат таратуу каражаттарынын ичинен азыр жалгыз кол тийбес калган интернеттин эркиндигин коргоого алууда.
Маскөөдөгү Экстремалдык журналистика борборунун деректири Олег Панфиловдун пикиринде, жагымсыз маалымат тарайт экен деп интернетке чектөө киргизген туура болбой калат: "Суук тийет же тамак ооруйт деп кондиционерлерге же бал муздакка тыюу салган болбойт. Интернетке чектөө киргизилгенинен пайдаланып, бийлик дароо оппозициялык саясий аракеттерге каршы дагы аракет көрөөрү анык, мисал үчүн, 'Башка Орусия' же Улуттук большевик партиялары менен байланышкан сайттар такай маселеге такалат, бирок нацисттик же фашисттик идеялардын тарашына каршы эч аракет көрүлбөйт", - дейт Панфилов.
АКШдагы Пойнтер институтунун журналистика боюнча профессору Шри Сринивасандын айтымында дагы пайда болгон андай маселелер үчүн технология жооптуу эмес: "Эң оңою - технологияны күнөөлөө. Бирок технологиянын максаты - кайсы бир тармактагы ишти жеңилдетүү жана маалыматты мүмкүн болушунча көбүрөөк эл арасында таратуу", - дейт Сринивасан.
Андан тышкары, видео тараткан сайттардын жетекчилери такай - интернетке чыгып кеткен опурталдуу нерселерди текшерип, аларды алып салып турат: "Дээрлик бардык андай сайттарда - тиги же бул видео жарабайт деп, же ким болбосун ал тууралуу өз пикирин айтып, жетекчиликке жеткире ала турган мүмкүнчүлүктөр бар. Андай маалымат администрацияга жетээри менен, алар тийиштүү чараларды көрө алат", - деп билдирет Сринивасан.
Жана, анын айтымында, андай иштер такай болуп турат: "Видео сайттардын администраторлору такай - интеллектуалдык укуктун бузулушу, же моралдык бир маселелер менен байланышкан, же видеого жазып алынып, элге таратылган кылмыштуу иштер жөнүндөгү маалыматтарды такай издеп, текшерип турат", - дейт америкалык профессор.
Ошондуктан интернетке чыгып кеткен андай опурталдуу видеолордун көрүнүшүн токтотуу - интернет-сайттардын администраторлорунун эле колунан келген иш.