Бүгүн өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев кыргыз-кытай аралык техникалык-экономикалык кызматташуу боюнча макулдашууга кол койду. Ага ылайык Кытай кайтарымсыз алтымыш миллион юань берип, ал каражатка Саламаттыкты сактоо минстрлигине караштуу улуттук госпиталь курулат жана керектүү медициналык жабдуулар алынат. Жаңы курула турган имаратка урология бөлүмү жана көз оорулар бөлүмүнүн бир бөлүгү жайгаштырылмакчы. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарланды. (EBM)