Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:46

ТҮРКИЯГА ТИЕШЕЛҮҮ УЧАКТЫ БАСЫП АЛГАНДАР КОЛГО ТҮШҮП БЕРДИ


Айгүл Жунушалиева, Прага «Атлас Джет» компаниясынын учагы бүгүн таңда Кипрден Стамбулга учуп бара жатканда белгисиз эки адам учакты басып алышкан. Алар Иранга же Сирияга учууну талап кылган. Майы түгөнгөн учак Анталия калаасында токтогондо 136 жүргүнчү качып чыгууга үлгүрүп, учактын ичинде алты адам калган.

Бошонгон жүргүнчүлөрдүн айтымында, эки адам бири-бири менен араб тилинде сүйлөшүп, өздөрүн «ал-Каида» уюмунун мүчөлөрү экенин айтышкан. Башкалар болсо аларда бомба болгонун маалымдашты.

Учакта калган төрт жүргүнчү менен экипаждын эки мүчөсүн бошотуп алуу үчүн бир нече саат сүйлөшүүлөрдөн кийин баскынчылар колго түшүп беришти. Түркиянын ички иштер министри Осман Гүнес алар Түркиянын жараны жана Сириянын паспортун алып жүргөн палестин экенин маалымдады.

Бул окуядан жүргүнчүлөр жана учактын экипаж мүчөлөрүнүн бири да жабыр тарткан жок.

Түркияда ушул өңдүү окуялар буга чейин да болуп келген. Ар кыл радикалдуу топтордун мүчөлөрү бир канча жолу учактарды басып алып, адамдарды барымтага алган учурлар бир канча жолу болгон.

XS
SM
MD
LG