Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 11:44

21-АВГУСТ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1916-жылдын бу күнү Токмокту камаган кыргыздарга Канаат баштаган 400 чамалуу адам келип кошулду. Коргоо министри Мырзакан Субанов 1999-жылдын 21-августтунда премьер-министр Амангелди Муралиевге, Кыргызстанга кирген согушчандар толугу менен талкаландыгын билдирди.

Токмокту камаган кыргыздарга 1916-жылдын бу күнү Канаат баштаган 400 чамалуу адам келип кошулду. Алар Кочкордон чыгып, Чүйгө Шамшы ашуусун ашып келишкен. Канаат баатыр адамдары менен мындагы Шамшы, Тынай, Бурана, Нурмамбет болуштугунан топтолгон кыргыздар менен биргелешип шаарга бекинген аскерлерге каршы тынымсыз чабуул коюп турду.

Белек Солтоноевдун жазганына караганда Атаке сарыбагыштарынан кайткан уезддик аскер башчы Бурананын алдындагы Мусакожонун мечитине жакын Ажыбек кашатка замбирек орнотуп ата баштаган. Мурда замбирек көрбөгөн эл аскерге даап кол салалбай бугуп турган. Орустар замбирек менен аткылап, кечинде Токмокко кирип кетишкен.

Атаке болуштугунун сарыбагыштары 1916-жылдын бу күнү үркүп, Улаколго жакын жердеги Ак өлөң оюндагы Алышка конгон. Коогалаңдуу кабарды уккан Семиз белдеги арык тукуму да падышалык аскердин жазалоосунан коркуп жапырт көчүп жөнөгөн. Арык тукуму Улакол сазынан орун алышып, мында өргүүгө турушкан.

Оштогу мусулман жумушчулары менен чайрыкер депутаттардын уюму 1917-жылдын 21-август күнү уюшулган. Буга чейин уюм Оштогу жумушчу жана солдат депутаттардын кеңеши аталып келген.

Кыргызстанга 1999-жылдын жай айында кирген Өзбекстан ислам кыймылынын согушчандары өлкө бейпилдигине залака келтирип, коргоо күчтөрү үчүн оор сыноо жараткандыгы маалым. Коргоо министри Мырзакан Субанов 21-август ишемби күнү премьер-министр Амангелди Муралиевге, Кыргызстанга кирген согушчандар толугу менен талкаланды деп рапорт берди.

2003-жылдын бу күнү Бишкек шаарында «Байыркы жана азыркы кыргыздардын чегарасы» аттуу илимий-практикалык конференция ишин баштады. Конференцияда кыргыз калкынын тарыхы жана мамлекет куруу салты, чегара маселелерине байланышкан билдирүүлөр жасалды.

Бу күнү, 1192-жылы Япониядагы императордук бийлик башкы командачы сёгундун бийлигине алмашылып, 1888-жылы эсептөө машинасы патенттелип, 1932-жылы Венецияда биринчи эларалык кинофестиваль өткөрүлүп, 1981-жылы окумуштуулар биринчи жолу Жер шаарынын глобалдык ысышын билдиришип, 1754-жылы англис ойлоп тапкычы жана жарык үчүн газды колдонгон Уильям Мердок, 1789-жылы атактуу француз математиги Огюстен Коши, 1906-жылы америкалык мультипликатор, беш «Оскар» ээси Фриц Фреленг жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG