Мамлекет башчылыгына башкаруучу Адилет жана өнүгүү партиясынан талапкер болуп көрсөтүлгөн тышкы иштер министри Абдулла Гүл кечээ парламентте депутаттардын керектүү колдоосун алалбады. Шайлоонун жыйынтыгын жарыялап жатып парламент спикери Көксал Топтан маалымдагандай, конституциянын жобосунда аныкталган үчтөн эки добуш топтолгон жок. Атап айтканда, 550 депутаттын 341и Гүлдү колдоду, президенттик мандат алуу үчүн дагы 26 добуш керек эле.
Абдулла Гүл быйыл жазда да мамлекет башчылыгына көрсөтүлгөн.Оппозициядагы партиялар анын талапкерлигине каршы чыгышып, добуш берүүгө катышуудан баш тартышкан. Натыйжада өлкөдө саясий кризис тутанып, парламентке чукул шайлоо өткөрүүгө туура келген. Өткөн айдын этегинде премьер-министр Режеп Тайып Эрдогандын партиясы кайра бийликке келип, Абдулла Гүлдү кайрадан президентикке көрсөттү. Байкоочулардын айтымында,кечээ биринчи айлампада тоскундан шыдыр өтө албаса да Гүл бул жолу өлкөнүн президенти болуп шайланып калышы мүмкүн.
Абдулла Гүлгө өлкөдөгү таасирдүү күчтүн – аскери генералитеттин көзү анчейин түз эмес. Бирок азырынча аскери төбөлдөр шайлоого кийлигишүүгө даяр экенин ачык айтыша элек. Лондондо чыгуучу “Экономист” басылмасынын кабарчысы Эмберин Заман айымдын айтымында, генералитет баары бир өз дүмөгүн сездиргидей чараларды көрө алат. Тактап айтканда, армия президенттин кызматка киришүү салтанатына катышпай кое алат, президенттин карамагындагы күчтөрдөн аскери корпусту кыскартып сала алат. Иши кылып, өкмөттүн кулашына алып келгидей кадамдарды жасабаса да, аны кыйын-кычык шартта иштегидей абалга кое алат.
Ошол эле учурда Абдулла Гүлдүн да саясий көзүрү бар. Соңку жылдары ал Анкара менен Евросоюздун ортосундагы сүйлөшүүлөрдү алга жылдырууда өзүн ийкемдүү дипломат кылып көрсөтө алды. Эгер армия тээ илгерки мезгилдей саясий бийликке күч колдонууну чечсе, анда Түркиянын Европа биримдигине кошулуу мүдөөсүнө биротоло балта чабылат. Түркияда азыр ушул фактор армиянын азуусун мокотуп, генералитетти ооздуктап тургандай.