Николас Бөрнс АКШнын тышкы саясатын жүргүзгөн Мамлекеттик департаменттеги үчүнчү адам. Аны менен болгон кездешүүдө кабарчыларды эң алды: Ирандын ядролук программасы боюнча кризис создуга берип, БУУнун Коопсуздук Кеңеши да Иранга каршы кошумча санкция колдонууга шашпаса, Кошмо Штаттары кандай чечкиндүү кадамга барышы ыктымал?- деген суроо кызыктырды.
Бөрнс мырза Иранга каршы санкция киргизүү үчүн Франция менен Британия өтө активдүү аракеттенишкенин, айрым европалык банктар өз алдынча чара көрүшкөнүнө көңүл бурду:
-Менин оюмча, европалык союздаштар, өзгөчө, Франция менен Британия, бул аракетти бекем жана дилгирлик менен колдошууда… Бизге караганда Коопсуздук Кеңешинин мүмкүнчүлүгү чоң. Биз көрдүк, Европанын бир нече банкы Иранга кредит берүүнү токтолу деп чечти. Иран азыр Түндүк Корея эмес. Ирандыктар камоодо жашаганга даяр эмес. Алар инвестицияга муктаж жана эларалык коомчулук менен соода кылууну каалашат. Береги банктардын кредитти токтотуусу абдан зор иш болду. Бул (Иран менен) кадыресе бизнес болбосун көрсөтүүдө.
Николас Бөрнстин түшүдүргөнүнө караганда, АКШ жана анын союздаштары Ирандын ядролук программасына байланыштуу чатакты оболу дипломаттык жолдор менен жөндөөгө умтулушат.
-Дипломатиялык аракеттер ийгиликке жетсе, түрдүү иштерди бүткөрүү зарыл болот деп ойлойм жана биздин каалганыбыз эле бул проблеманы дипломаттык ыкма менен, тынчтык жолу менен жөндөө. Ал үчүн жетерлик убактыбыз бар. Бирок, биз дүйнөнүн айрым өлкөлөрү менен, өзгөчө (Иран менен) ургаалдуу соодалашкан өлкөлөр менен кызматташууну жакшыртуубуз зарыл.
Батыш өлкөлөрү Ирандын уранды тынчтык максатында байытып жатабыз деген ырастоосуна ишенишпейт жана өлкө атомдук куралдын үстүнөн жашыруун иштөөдө деп кооптонушат. Ал эми ирандыктар өзү өкмөттүн атомдук программасы тынчтык максатына көздөгөнүнө ишенеби? Бул суроого жооп берип жатып, Николас Бөрнс ирандыктар Батыш коомчулугунун тынчсыздануусун тең бөлүшкөн башка өлкөлөр да бар экенин билише турганын айтты:
-Түштүк Африка Иранга каршы добуш берип жатканын Ирандын эли билгени өтө маанилүү деп ойлоймун. Индонезия да, Индия да, Бразилия да (Иранга каршы добуш берүүдө.) Иранды төрт гана мамлекет колдойт… Иранды Сирия, Белорус, Венесуэла жана Куба колдойт. Иран өкмөтүн МАГАТЭде же БУУда же дүйнөнүн башка жеринде башка эч бир өлкө колдобойт. Бул өтө маанилүү. Жалгыз АКШ эле Иран ядролук куралдуу болбосун деп айтып жаткан жок. Бул- бүтүндөй эларалык коомчулук жана дүйнөнүн маанилүү өлкөлөрүнүн талабы.