Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:04

ТЕМИР САРИЕВ: КОНСТИТУЦИЯЛЫК РЕФОРМАНЫН ТОКТОП КАЛЫШЫ НААРАЗЫЛЫК ТУУДУРУУДА


Кыргызстанда быйыл күзүндө саясий туруксуздук болушу мүмкүн экени тууралуу соңку мезгилдерде байма-бай айтыла баштады. Буга бир чети “Бириккен фронттун” лидери Феликс Куловдун айткандары да себеп болду окшойт. Анткени, башка оппозициялык күчтөр күзүндө кандай иш аракеттерди көрөөрү тууралуу азырынча так маалымат айтыла элек. Оппозициянын мындан аркы иш-аракеттери туурасында “Азаттык” менен Жогорку Кеңештин депутаты, “Акшумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариев ой-пикир бөлүштү.

- Учурда “Акшумкар” партиясында кандай иштер тууралуу сүйлөшүп жатасыздар?

- Азыр уюштуруу иштерин жүргүзүп жатабыз. Райондук, областтык партиялык конференцияларды өткөрүп, алардын жетекчилерин шайлап, партиянын программасынын үстүндө иштеп жатабыз. Албетте, келечектеги боло турган парламенттик, жергиликтүү бийлик кете турган иштерге даярдык көрүп жатабыз.

- Сиз өзүңүз деле Феликс Куловдун айтканын уксаңыз керек. Негизи мунун кызык жери күз болоору менен эле кайра дагы бир топ олку-солку окуялар башталышы мүмкүн деген кооптонуулар айтылып келет. Буга эмне себеп, андай болушуна негиз барбы?

- Буга негиз үч фактор болушу мүмкүн. Биринчиси, экономикалык фактор. Экинчиси, бүгүнкү күндө тамак-ашка кескин түрдө баанын өсүп кетиши. Ундун баасы, суу майдын баасы көтөрүлдү. Жашылчалар да кымбат. Булардын баары элдин нааразычылыгын туудуруп жатат. Экономикалык жактан негизги стратегиялык багыттагы ишканалардын толук кандуу иштебей мамлекетке, элге кызыкчылыгы сакталбай жатат деген абдан чоң нааразы бар. Ошон үчүн “Алтын кенди” иштетүү боюнча мына Таласта “Жерүй”, “Кумтөр”, “Талдыбулак” боюнча абдан чоң нааразычылыктар бар. Негизги факторлордун бири болуп ушулар саналат. Эң башкысы конституциялык реформанын токтоп калышы, административдик реформанын кашаңдап жатышы элдин нааразычылыгын туудурат деген божомол бар.

- Күзүндө ушул окуялар туруксуздукка алып келиши мүмкүнбү?

- Ушул факторлор кандайдыр бир түрткү болуп, жакын аранын ичинде детонатор болуп кетиши мүмкүн деген божомолдор бар. Мен буга да кошула алам. Аткаруу бийликтин кашаңдап жатышы, алардын көптөгөн маселелерди чечпей жатканы кандайдыр бир туруксуздукка алып келиши мүмкүн.

- Темир мырза, албетте, оппозиция, аткаруу бийлиги жасап жаткан иштерге көңүл буруп аны ишке ашырууну талап кылып жатканы жакшы деңизчи. Бирок, кыргыз оппозициясын сындап жаткандардын көбү “азыр оппозиция иши кылып эле башаламандыкты жаратууну каалайт”,- деген ойлорун айтып жатышат. Оппозиция айрым учурларда аша чаап кетип жаткан жокпу, кандай деп ойлойсуз?

- Албетте, кээ бир маселелер боюнча алар кандайдыр бир катуу аткарылбай турган талаптарды коюп жатышы болуп жатат. Бул көрүнүп эле турат. Бирдиктүү оппозиция жок деп айтып жаткандардын дагы кандайдыр бир жүйөлүү себептери болуш керек. Анткени, ар түрдүү күчтөр ар кандай талаптарды чыгарып жатышат.

- Темир мырза, оппозиция жөнүндө сиз “алар” деп айтып жатасыз. “Алар” кимдер?

- Эми бул жерде бир нече күчтөр болуп жатпайбы. Ошонун ичинде эле “Бириккен фронт”, биздин “Реформа” штабындагы башка саясий партиялар бар. Эми бирдиктүү деп айта албайм, анткени ар бир саясий күчтүн артында саясий өздөрүнүн кызыкчылыгы турат.

- Темир мырза, сиз экономистсиз. Өткөн жумада Бишкектеги саммитте Кыргызстан көбүрөөк экономикалык алакалар боюнча чечимдерди кабыл алууга аракет кылгандай болду. Шаңкай уюмунун Бишкек саммитиндеги экономикалык чечимдер Кыргызстанга канчалык пайдалуу боло алат деп ойлойсуз?

- Мен бул убакта сыртта жүрдүм эле. Азыр саммиттин документтери менен толук тааныш эмесмин.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG