Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:28

ЖАНТӨРӨ САТЫБАЛДИЕВ: КОҢШУЛАРДЫН ГАЗ САЯСАТЫ БҮДӨМҮК БОЛУП ЖАТКАНЫ КООПТОНДУРАТ


«Азаттыктын» таңкы уктурууларынын маектеши Ош облусунун губернатору Жантөрө Сатыбалдиев болду.

- Бир канча күн катары менен Ош облусу маалымат агенттиктеринде биринчи орунга чыкты окшойт. Бул Ноокаттан келген жагымсыз кабарлар менен коштолду. Ал жерде ВИЧ инфекциясы дарыгерлердин шалаакылык айынан бир топ адамга жугуп кеткен. Азыр сиздерде жыйындар болуп жатат деп угуп жатабыз. Бул маселе боюнча сиздерде абал кандай? Облбийлик кандай иштерди жасап жатат?

- Биринчиден, бул биздин эң чоң трагедиябыз. Жаш балдардын СПИДдин ВИЧ инфекциясы менен ооруп калышы, анын ичинен дарыгерлердин да аралашып калганы бул системада СПИД боюнча иш алып баруунун жоктугунан келип жатат. Биздин областтык чукул кырдаалдар комиссиясы өзүнүн ишин өткөрүп, министрлик менен бирге кетирген кемчилиги бар кызматкерлерди кызматынан алып, административдик чараларды колдондук. Бирок, бул чоң проблемадан чыгып кетүүнүн жолу эмес. Андыктан бирдиктүү иш алып барышыбыз керек. Бардык бийлик өкүлдөрү, жергиликтүү бийликтер, министрликтер, мамлекеттик инспекторлор ушул багытта иш алып барып, түшүндүрүү иштерин жакшы жүргүзө албасак бул илдеттен арыла албайбыз. Эң жаманы- биздеги ВИЧ инфекциянын бардыгы инъекция аркылуу жугуп жаткандыктан биз сөзсүз түрдө тез аранын ичинде кандайдыр бир чараларды көрүшүбүз керек.

- Сиз өзүңүз текшерүүлөрдү уюштуруп жатасызбы?

- Азыр текшерүүлөр болуп жатат. Бейтапканалардын баары кайрадан текшерүүдөн өтүп жатат.

- Жантөрө мырза, дагы бир учурдун маанилүү маселелеринин бири бул кышка даярдык болуп жатат. Азыр Кыргызстанда нандын кымбаттышы, күйүүчү майдын көтөрүлүп кетиши элдин арасында бир топ кооптонууларды жаратууда. Ош облусунда даярдыктар кандай?

- Биринчиден, техникалык жактан мештердин даярдыктары жакшы. Былтыркыга салыштырмалуу түзүк деп айтсак да болот. Көмүр, ошондой эле электр энергия, газ менен камсыздандыруу бир кыйла оорчулуктарды түзөт деген шектенүүлөр бар. Кечээ өзүбүздүн коллегиябызды өткөрдүк. Анда алыскы тоолуу район маселен, Чоң Алай, Каракулжа райондорунун тоолуу шарттарындагы кышка даярдыктарды 15-октябрга чейин бүткөнгө милдеттендирдик. Каржы министри дагы бизди бул жагынан колдоп, өзүнүн буйругу менен көмүр алуу боюнча бүт каражаттары алып беришти. Биз жакын арада бул жагын камсыздандырабыз. Бирок, эң оор жагын айта турган болсок, быйылкы жыл кургакчылык болгондуктан Токтогул суу сактагычында суунун жоктугунан, коңшу мамлекеттер газ боюнча кандай саясат алып барышы бизге бүдөмүк болгондуктан биз өтө кооптонуу менен иш алып барып жатабыз. Биз муну борбордук бийликтерге дагы жеткиребиз. Тез аранын ичинде коңшу мамлекеттер менен газды алып келүү жагы чечилбесе, биздин ахыбал өтө оор болуп калышы мүмкүн.


- Мына административдик реформа боюнча президент жардыгын чыгарып, бир канча этап менен өтөт деп айткан болчу. Азыр Ошто анын биринчи этабы кандай жүрүп жатат?

- Биринчиден, биз бардык даярдоо материлдарын бердик, жакын арада өкмөттүн курамында биздин берген сунуштар каралып чыкса, анан ошонун негизинде областтык структура түзүлөт. Андан кийин ага карап иш алып барабыз. Себеби, азыркы бизге белгилүү президенттин жарлыгы менен областтык мекемелердин дээрлик бардыгы жоюлган. Алардын ордуна кандай структура болот, бүгүнкү күнгө дейре так айтыла элек. Андыктан, бул этапта өзүбүздүн сунуштар берилди. Жакын арада чечилет деген оюубуз бар. Биздин жекече пикирибизде сууну, жолду тейлеген ж.б. ишканалар өзүнчө болбосо, анда биз толугунан жок кылып коюшубуз мүмкүн бул башкарууну.

- Сулайман тоого качан асма жол менен чыга алабыз?

- Мен жеке адам катары ал асма жолго каршымын. Сулайман тоо-бул ыйык тоо. Ага жөө гана чыгыш керек.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG