Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:14

22-АВГУСТ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1847-жылдын 22-августтунда казактардын Копал шаарында кыргыз-казак келишимине кол коюлган. 1916-жылдын бу күнү Токмок шаарын басып алууга аракет жасаган кыргыздар катуу жеңилүүгө дуушар болушту.

Кыргыздар менен казак уруулары ортосундагы сүйлөшүүлөр казактардын Копал шаарында жүргүзүлүп, эки тараптуу келишимге 1847-жылдын 22-август күнү кол коюлган. Эки тараптын ийри отуруп, түз кеңешине буга чейин эки эл ортосунда орун алган-барымтачылык, жер талаш жана орунсуз кагылыштар себеп болгон. Кыргыз-казак келишимине Россия империясы ортомчу болуп, ал каршылашкан тараптарды маселени сүйлөшүү жолу менен чечүү оң экендигине ынандырган. Копал келишиминен кийин боордош калктар ортосундагы мамиле жөнгө салынган жана анда каралган келишим жобосунун сакталышына Россия империясы кепилдикке кирген. Келишимге кыргыз тарабынан- Үмөтаалы Ормонов, Жантай Атекин, Жангарач Исхожин, Токтор Карачынаровдордун колу коюлуп, мөөрлөрү басылган.

Түркстан генерал-губернатору Кауфман 1875-жылдын бу күндөрү Абдурахман Афтобачи баштаган кыпчак козголончуларына каршы ийгиликтүү согуш операциясын өткөргөн. Орус аскерлери 22-август күнү Хожент шаарынан 42 чакырым алыстыкта орун алган Махрам чебине чабуул жасаган. Махрам салгылашуусунда Абдурахман Афтобачинин 30 миң чамалуу колу талкаланып, орус аскерлери согуш куралдарынан тышкаары чоң олжого туйтунушкан.

Токмок шаарын басып алууга аракет жасаган кыргыздар 1916-жылдын бу күнү катуу жеңилүүгө дуушар болушту. Август айынын 14нөн башталган чабуул бу күнү ийгиликсиз аяктаган. 22-августтун таңында шаарга подполковник Гейцигдин отряды кирип, бир саат аралыгында орус аскерлери позицияны толук ээлешип, чабуул койгон кыргыз колун артиллериянын күчү менен толук талкалаган.

1999-жылдын 22-август таң эртең менен Баткенден кыргызстандык аскер күчтөрү чыгарыла баштады. Ушул эле күнү кечке жуук Өзбекстан ислам кыймылына караштуу 30 чамалуу согушчандар Баткен районундагы Зардалы, Кожо ачкан кыштактарын басып алышты. Алар Жылуусууда орун алган геологдор шаарчасын ээлешип, төрт япон геологу, Ички иштер министрдигинин аскер командачысы, генерал Анарбек Шамкеевди туткунга алышты.

Бу күнү, 1485-жылы Босворт алдында англис королу Ричард III өлтүрүлүп, Кызыл жана Ак Розалардын согушу соңуна чыгып, 1914-жылы согушка байланыштуу Россияда спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынып, 1943-жылы Советтер Союзунда Суворовдук училищалар ачылып, 1647-жылы француз ойлоптапкычы Дени Папен, 1862-жылы француз композитору Клод Дебюсси, 1874-жылы немец философу, философиялык антропологиянын негиз салуучусу Макс Шелер, 1936-жылы сынчы Авас Сарымбетов жарык дүйнөгө келсе, 1980-жылы атактуу комузчу Чалагыз Иманкулов дүйнөдөн өткөн.
XS
SM
MD
LG