Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:36

ӨКМӨТТҮК ГЕЗИТТЕРДИН РЕФОРМАСЫНДА ЧЕКЕ ЖЫЛЫТАРЛЫК ЖЫЛЫШ ЖОК


2005-жылдын 8-декабрында Президент Курманбек Бакиев «Айрым массалык маалымат каражаттарын реформалоо жөнүндө» Жарлыкка кол койгон. Бул документке ылайык «Слово Кыргызстана», «Кыргыз Туусу» гезиттерин акционерлештирип, облустук гезиттерди корпоративдүү башкарууга өткөрүү республиканын өкмөтүнө жүктөлгөн. Тилекке каршы, мына эки жылга чукулдап баратат, аталган иште чеке жылытаарлык жылыш байкалбайт.

Аталган Жарлыктын жарык көрүшү көп жылыштарга үмүт байлаткан. Айрыкча аймактык маалымат каражаттары өзүнчө түтүн булатсак, турмушубуз кыйла оңолот деп ишенишкен. Мисалы, Ош облустук мамлекеттик администрацияcы ээси катары чоңсунганы болбосо, акыркы жылдары өз гезиттерине финансылык колдоо көрсмөтүүнү түк унутуп койгон эле. Ош облустук орус тилдүү «Эхо Оша» гезитинин баш редактору Евгений Бреславский учредитель Уставда жазылган өз вазийпасын аткарбай жаткандыгына кападар. Мынчалык колдоо таппагандан кийин гезит жамааты боштондук суранганын кыстарды. Эмки кеп өкмөттө калыптыр.

- Басмаканага, соцфондго, салыкка, кеңсе акысына 280 миң сом карызбыз. Төлөгөнгө кудуретибиз жок. Мурда обладминистрация дадил каралашчу. Азыр жардамы тие элек. Мамлекеттик катчы Адахан Мадумаровго учурадык, губернатор Жантөрө Сатыбалдиевге канча кирдик. Өкмөткө кайрылдык. Айла курганда эмгек жамааты обладминистрацияга ээлик кылуудан баш тартууну, кийинки тагдырыбызды чечүүнү өзүбүзгө калтырууну сунуштадык, - дейт Евгений Бреславский.

Өзбек тилдүү «Уш садоси» гезитинин баш редактору Махамадсали Исмаилов жарнама, жазылуу эсебинен жансактап жатышкандыгын, мурдагыдай дотация берилсе, бутуна туруп кетишээрин, дегеле мамлекеттик гезиттерге бийлик далысын салгандыгы жакшы жышаан эместигин кулак кагыш кылды.

- Биздин да түрдүү уюмдарга бересебиз 300 миң сомду чапчыды. Жалаң жарнама, жазылуу эсебинен жашап, анча-мынча чыгымдарды жаап келатабыз. Мурункудай дотацияда олтурсак, эмдигиче оңолуп кетээр белек. Бийликтин кош көңүлдүгү тагдырыбызга балта чапмай болду. Окурмандарыбыз көтөрүлсө, кантебиз? - дейт Махаматсали Исмаилов.

Үзөнгүлөштөрүнөн айырмаланып кыргыз тилдүү «Ош жаңырыгы» гезитинин баш редактору Жапаркул Ташиев көйгөйүн бөлүшүүдөн баш тартты. Орун басарлары да адегенде суроолорубузга жооп кайтарганга көнүп, редакцияга барганыбызда адепки убадаларынан айнышты. Ош облустук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Турат Исмаилов саясий куралы болбосо бийлик утулаарын жадыбызга салып, үч гезит сөзсүз керектигин ачык кыйытып, аларга биздин алдыбызда акча ажыратышкандыгын билдирди.

- Облустук гезиттердин азыркы мезгилде кереги бар жеп ойлойм. Себеби облустун ичинде болуп жаткан ар түрдүү иштерди социалдык абалды элдин калың катмарына жеткирүү үчүен облсутук гезиттер керек. Мурун каржылаганга тыйын жок болуп жаткан. Жакында 500 миң акчаны бөлүп бергенбиз. Мындан кйиин дагы өкмөттүн көзөмөлүндө болуп ошону саясий органы катары гекзиттерди кармаш керек, - деди Турат Исмаилов.

Жергиликтүү серепчи Махамаджан Хамидов Ажо Указы аткарылбагандыгынан улам облустук үч гезит арабөк калгандыгына ичи ачышты. Аларды тагдырдын катаал шамалына таштабастан, башын азат кылууну эп көрдү.

- Кыйын кезеңде облустук гезиттер арабөк калды. Же ээси коё бербейт. Өз алдынча тиричилигин уланталы дешсе, колу-жолу жипсиз тушалуу. Менимче, мындай акыбалга көпкө дейре чыдоого мүмкүн эмес. Президенттин Указына ылайык басылмалардын башын азат кылып, эмгек жамааттарына энчилөө абзел. Капитализм кайыгында кайсыл тыңыраагы жашап кетет, - дейт Махамаджан Хамидов.
XS
SM
MD
LG