Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:11

ИРАНДА АМЕРИКАЛЫК ОКУМУШТУУ АЯЛ ТҮРМӨДӨН ЧЫКТЫ


Иранда кечээ америкалык илимпоз Халех Эсфандиари түрмөдөн бошотулду. Халех айым бир эле мезгилде Ирандын да, АКШнын да жараны. Бийликтер аны быйыл майда камашкан. Айрым булактардан алынган кабарларга ылайык, Халехке каршы козголгон иш териштирилип бүттү, жакында сот процесси башталат. Ага чейин Халехти абактан чыгарууну чечип, бул үчүн иран бийликтери 320 миң доллар өлчөмүндө күрөө алышты.

Халех Эсфандиари түрмөдөн бошотулганын анын адвокаты, Нобел сыйлыгынын ээси, белгилүү укук коргоочу Ширин Эбади бышыктады. Эсфандиари күрөөгө бошотулду, бийликтер кантсе да мыйзамды сактап,аны камактан чыгарууну чечишкенине абдан кубанычтамын, деп айтты Эбади. Эсфандиари 68 жашта, ден-соолугу да анча жакшы эмес. Эч кандай жүйөө болбосо да аны үч жарым ай камакта жалгыз кармап турушканы үчүн Эбади бийликтерге кине койгонго да батынды.

Эсфандиари Вашингтондогу Вудро Вильсон атындагы илимий борбордо иштейт, анын Жакынкы Чыгыш программасын жетектейт. Халехке жана аны менен бирге кармалган кабарчы Парназ Азимага, социолог Киан Тажбахшга, активист Али Шакериге өлкөдөгү саясий түзүлүштү ичтен бүлүнтүү үчүн жашыруун уюм түзгөнгө аракет кылган деп айып коюшкан. Кармалгандардын баарын Тегеранга жакын жердеги Евин түрмөсүнө камашып, сурак-сопкутка алышкан. Тергөө иштери 12-августта аяктады. Эки айыпкер дале түрмөдө, Халехтен мурда “Фарда” радиосунун кабарчысы Азима бошотулган эле, бирок ага алиге чейин Ирандан кеткенге уруксат берише элек.

Ширин Эбади жакынкы аралыкта сот башталарын кабарлады. Процессте Эсфандиари коюлган бардык айыптар боюнча акталарына Эбади көзү жетерин кошумчалады. Калгандардын соту качан болору тууралуу эч кандай маалымат жок. Ирандын мамлекеттик телеканалы айыпкерлер өз күнөөсүн моюнга аларын айтып, мунун баары атайын репортажда көрсөтүлөрүн өткөн айда жарыялаган болчу.

XS
SM
MD
LG