Орусия империясынын Борбор Азиядагы оторчул саясатынын күүсү социализм доорунда деле кадимкидей сакталып, ошол себептүү тарыхый окуялардын көбү бурмаланып, бир жактуу сыпатталып келген. Орус падышачылыгы кылыч, мылтык менен ишке ашырган басып алуучулук бул жердеги калкка жалаң эле кызыл кыргын, кара сүргүн алып келбестен, мамлекеттик башкаруунун кыйла дурус дегидей системин, биртоп маданий-техникалык жаңылыктарды киргизгени “Орусия менен орустар Борбор Азияда” аттуу жалпы аталыштагы илимий-популярдуу китептерде баяндалмакчы. Бул демилгенин автору профессор Александр Князевдин ырасташынча, чыгышы Монголия, түндүгү Шибер, Батышы Ооганстан, түштүгү Иран, Кытай, Тибет аркылуу созулган Борбор Азиянын Орусия менен мамиле-катышын иликтеген илимий эмгектерди жарыялоо милдети турат. Ал эми бул чөлкөмдүн Орусия империясынын карамагына кириши жөнүндө азырынча бирдиктүү бир пикир жоктугун А.Князев мындайча түшүндүрдү.
- Совет мезгилинде бул Орусиянын курамына өз ыктыяры менен кирүү делчү. Азыр колониялык басып алуу деген түшүнүк көбүрөөк жайылууда. Анан менде суроо туулбай койбойт, айталы, түндүк кыргыздардын өкүлү мындан 200 жыл илгери Омбуга, андан Санкт-Петербургга Орусия курамына кабыл алуу өтүнүчү менен барып отурса, анан кайдагы басып алуу?
А.Князевдин айтуусунда, Орусияга кирүүгө Орто Азия калктарынын ичинен жалгыз түркмөндөр, алардын ичинен Гөкетепе – көктөбөлүктөр гана көжөлүп каршы турушкан. Кокон менен Букара бийлиги көжөлүп каршы турган менен карапайым калктын көбү тынч эле баш ийип беришкен.
Тарых илим доктору, профессор Ташманбет Кененсариев түштүк кыргыздары орус аскерлерине каршы күрөшкөнүн, Кыргызстан өз ыктыяры менен Орусия курамына кирди деген түшүнүк илимий жагынан натуура экенин айтты.
- Ал Кыргызстандын түштүгүндөгү көтөрүлүштү, каршылыкты окуган эмес экен, билбейт тура. Менин “Кыргызстандын Орусияга каратылышы” деген чоң китебим бар. Ал орусча-кыргызча чыккан. Аны билбейт да. Орустар кантип кыргандыгы жөнүндө укмуштуу материалдар бар анда. Албетте, каршылык түркмөндөр менен гөчкөндөрдөй көбүрөөк болгон жок, азыраак болду. Бирок иш жүзүндө кыргын менен жеңип алды.
А.Князев 1916-жылкы үркүн тууралуу көбүнесе бир жактуу маалыматтар келтирилип, экинчи тараптын чыгымдары айтылбай келатканын белгилеп, мындай деди.
- Эгер биз бир жактын кырылышы тууралуу айтсак, экинчи тарапта деле жоготуулар болгонун, жок дегенде Ысыккөлдөгү православдардын монастрын айта кетиш керек го. Андагы кыргын тууралуу материалдар бар, алар Интернетте деле жарыяланган. Ошондой эле бул күрөштүн улуттук-боштондук мүнөзгө ээ болушу күмөндүү экенин көрсөткөн документтер, Түркия чалгындоо кызматынын, кытайлык наркомафиянын ролун ырастаган документтер бар.
Тарых илим кандидаты Леонид Сумароков өткөн окуялардын кылдат иликтениши бүгүнкү күн үчүн керектигин, тарых сабагын өздөштүрүү оңой-олтоң жумуш эместигине токтолуп, аны таптакыр жерип же көкөлөтө мактоо жарашпастыгын ырастады.
- Алар ойлонууга материал берет, бул кайсы бир учурду айланчыктабай, алдыга ыкчам өнүгүү үчүн керек. Туура тарыхтын кара тактары болгон, аларды эстей жүрүш абзел.
А.Князев “Арнамыс” партиясынын жетекчиси Ф.Куловдун Кыргызстан менен Орусия биримдигин түзүү идеясына токтолуп, аны көпчүлүк колдобой тургандыгын айтты. Бир кечкен кечүүгө экинчи ирет кайрылуунун кажаты жоктугун белгилеп, эки тараптуу байланыштан өтөрү жоктугуна басым жасады.
- Орусия кызыкчылыгы жагынан алганда бул өзү абсурд.
Мындан аз илгери “Арнамыс” партиясынын жетекчи орунбасары Э.Алиев Орусия менен Кыргызстан биримдигин түзүү демилгесин ишке ашырууга азыркы бийлик каршы чыгып жатканын билдирген. Анын айтуусунда, демилгечилердин референдум өткөрүү үчүн кол топтоого киришүү арызы Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлүп, алар маселени чечүүнү Жогорку Кеңешке оодара салышкан.
CүрөттөM: Профессор Александр Князев