Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 22:33

ӨЗБЕК ТИЛИН ОКУТУУ КЫСКАРГАНЫ НААРАЗЫЛЫК ЖАРАТТЫ


Ош шаарынын мэри Жумадыл Исаковдун билдирүүсүнө караганда, калаада расмий түрдө 258 миң, ал эми бейрасмий жарым миллион калк жашайт. Элдин санынын 40 пайызынан ашыгыраагын өзбек улутундагылар түзөт. Агартуу министрлиги быйылкы окуу жылынан баштап мектептерде өзбек тилин окутуунун сааттарынын кескин түрдө кыскартышы эмитен эле проблемаларды жаратууда.

Шаарда өзбек тилдүү 12 мектеп иштеп, анда он миңден кем эмес бала окуйт. Илим жана билим берүү министрлиги 2007-жылдын июнь айында өзбек тили жана адабиятын кыскартуунун эсебинен өзбек тилдүү мектептерде кыргыз тилин көбүрөөк үйрөтүү буйругун чыгарган. Жаңы окуу жылынын астында бул маселе кайра козголуп, калк арасында нааразычылык туудуруп жатат. Ата-энелердин өкүлү Эркин Байназаров мурдунан алысты көрө албагандыгы үчүн агартуу министрлигинин дарегине катуу сын агытты. Коомчулук араң тынчыганда улуттар аралык мамилени курчутуп, от жаккандарга капачылыгын билгизди.

- Мындай кадам акылга сыйбайт. Өкмөт каякты карап отурат. Мыйзамсыз документти тыйып койбойбу. Өзбектерди ушинтип кемсинтүү кыжырды гана кайнатып жатат. Болгону улут аралык мамилеге от жагып, курчутууга дарбаза ачкандардын иши. Эгерде кеч боло электе буйрукту жараксыздыкка чыгарбаса, ата-энелер акция уюштуруусу күтүлөт, - дейт Эркин Байназаров.

Ош мамлекеттик университетинин окутуучусу Даврон Насипканов бардык этникалык топтор Кыргызстанда өз эне тилин өркүндөтүүгө акылуу деп эсептейт. Проблемаларды кеңешип чечүү зарылдыгын баса белгилейт.

- Илим жана билим министрлиги Конституцияны окубайбы. Анда өзбектер Кыргызстандагы башка этникалык топтордой эле өз эне тилин үйрөнүп, ал турсун өркүндөтүүгө акылуу. Проблема жаратпай аны элдик талкууга салып чечсе болот го. Сөзсүз түпкү эмес калктарды басмырлап, ошонун эсебинен кыргыздарды көтөрүш керекпи. Минтип улуттарды касташтырууну өткөн кылымдын 90-жылдары башыбыздан кечирдик го. Ошол сабак болгон жокпу, - деди Даврон Насипканов.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Абдиволи Балтабаев министрдин буйругу мыйзамдуу экендигин айтат. Мамлекеттик тил катары кыргыз тили артыкчылыкка эгедерлигин кыйытат. Коомчулукту бир ууч топ козутуп жаткандыгын жашырбайт. Эл азыр мындай популисттерди ээрчибейт деген пикирде.

- Өзбек тилин кыскартып, мамлекеттик тилиди көбөйтүү боюнча биз окуу планын алдык. Бул буга чейин эле көтөрүлүп келген маселе экен. Акыркы мезгилде мамлекеттик тилдин кадыр-баркы, аброю көтөрүлүп келе жатат. Мисалы, мамлекеттик кызматта иштеш үчүн мамлекеттик тилди да билиш керек. Ошон үчүн муну коомчулук көтөрүп жаткан маселе болчу. Ушунун тегерегинде болуп жаткан ызычуулар негизинен кээ бир массалык маалымат каражаттары жагынан жана айрым бир депутаттар тарабынан болуп жатат. Алар ошол маселени көтөрүп, курчутуп, туура эмес ойлорду угуп жатабыз. Менимче муну коомчулук колдоп жатат,- дейт Абдиволи Балтабаев.
XS
SM
MD
LG